АКШ Борбордук күчтөр башкармалыгы Трампка тескери билдирүү берди

326
0
Army Gen. Joseph Votel, Commander of U.S. Central Command, briefs reporters on the release of the investigation into the U.S. airstrike on the Doctors With Borders trauma center in Kunduz, Afghanistan, Friday, April 29, 2016, at the Pentagon. (AP Photo/Molly Riley)

АКШ Борбордук күчтөр башкармалыгы Трампка тескери билдирүү берди

АКШ президенти Дональд Трамп АКШ кошуунун Сириядан алып чыгылышы же Саудиядан алына турган каражат эсебинен Сирияда калышы тууралуу билдирүү жасаган. Көп өтпөй АКШ Борбордук күчтөр башкармалыгы Америка аскерлеринин Сириядагы миссиясы улана турганын маалымдады.

Пентагондун жетекчиси Жозеф Вотелдин айтымында, ИШИМден бошотулган аймакты турукташтыруу үчүн АКШ күчтөрү аймакта дагы узак убакытка кызмат кылышы керек.

“Сириядагы миссиябыз бүтө элек. Алдыда аймакты турукташтыруу, калктын үйлөрүнө кайтышын камсыздоо, кайта куруунун узак мөөнөттүү маселелерин башкаруу сыяктуу иштердин эң кыйын бөлүгү бар. Албетте бул иштерде аскерий вазыйпа да бар. Биз Сирияда дагы бир мөөнөткө калабыз”,- деди Вотел.

Жозеф Вотелдин Дональд Трампка каршы билдирүүсүнүн артынан Ак үйдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жыйындан кийин Ак Үй расмийлери АКШ дагы бир мөөнөт Сирияда калышы тууралуу баянат берди.

АКШнын ИШИМге каршы күрөш боюнча атайын өкүлү Бретт МакГерк да “жихадчыларга” каршы күрөш бүтпөгөнүн билдирди. Вашингтондо өткөн иш-чарада Вотел менен бирге сөзгө чыккан МакГерк “Биз Сириядагы вазыйпабызды бүтө элекпиз жана аны аягына чыгарабыз”,- деди.

Мындан бир нече күн мурун АКШ президенти Дональд Трамп АКШнын Огайо штатында АКШ күчтөрүн Сириядан алып чыгуусун маалымдаган. Анын артынан АКШ мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Хезер Науерт Трамптын мындай планынан кабарсыз экенин билдирген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here