Талибан “ИШИМге” каршы согуш жарыялады
Афганстандагы Талибан кыймылы “ИШИМ” уюмуна каршы согуш жарыялады. Бул тууралуу талибдердин баянатына таянып афган маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Талибан баянатында “ИШИМ бул заманбап харижийлер (муртаддар), ыймансыз жана жалданма уюм болуп, адамдарда жек керүүнү ойготот. Афганстан суннийлерин, шиаларга жана исмаилиддерге каршы багыттап, биримдикти чачыратууга умтулат. Имамдарды өлтүрөт жана ыйык Ислам динине дүйнө жүзүндө көлөкө түшүрөт”, – деп айтылат.
Баянатта келишинче, согуш жарыялоого “ИШИМ” уюму тарабынан Жаузжан облусундагы Дарзоб аймагынын басып алынышы себеп болгон. Бул жерде “ИШИМ” уюму оор кылмыштарды жасап, туткунга түшкөн 20 мужахидди өлтүрүп, өзүнүн таасирин кеңейтүүгө урунган.
Кабарда айтылышынча, Талибан бардык тарапкерлерин “мындан ары Афганстандын бардык жеринде ИШИМди кылган ишине жараша жазалоо жана мужахиддер үчүн өч алууга чакырды”.
Түркистон: ИШИМ Афганстанга кыска убакыттын ичинде кандайча келип эле аскерий кубатка ээ болуп калды?Кантип АКШ жеңе албаган Талибан кыймылына каршы тура алган күчкө ээ болду?! Ал кайсы чегара аркылуу кирип келди? Аскерий техника жана куралдарын кантип алып өттү? Максаты эмне?
Бул суроолор Талибанды эле эмес бүткүл Ислам үммөтүн кызыктырууда! Качанга чейин куфр жалгандарына алданып, кийин алардын кызыкчылыктары үчүн бири-бирибизди өлтүрө беребиз! Баарына белгилүү, “ИШИМди” Америка Афганстанга аскерий учактары менен ташып өтүп, аларды ар тараптан колдоп-кубаттап жатат! Афган мусулмандарынын ушул убакка чейин көргөн кыйынчылыктары жаңыдан башталууда!
АКШнын “ИШИМди” Афганстанда түптөөдөн максаты, Борбор Азияны коркутуу аркылуу аймактагы аскерий кырдаалды күчөтүү. Муну менен ал Кытайдын чыгыш тарабындагы аскерий базаларын күчөтүп алмакчы. Мындай келишпестикте Ислам жана мусулмандар үчүн кандай пайда бар экенин сиз ойлонуп көрүңүз!