Гута эвакуациясы учурунда 95 пайыз эркектер жоголду

363
0

Гута эвакуациясы учурунда 95 пайыз эркектер жоголду

Сириянын Чыгыш Гута калкы эвакуация кылынган учурдагы сүрөттөр ачык акыйкатты ортого чыгарды. Эвакуация учурунда аймакта иш алып баргандар Асад күчтөрүнүн кылган кылмыштарын айтып беришти. Кабарда айтылгандай, күзөтчү аскерлер муслима аялдарды коркутуп, алардан дайыма жылмайып турууну талап кылган. О.э эвакуация учурунда ажыратып аллынган 16-55 жаштагы эркектердин 95%ы жоголуп кеткен.

Асад режиминин расмий маалымат агенттиги “SANA” тарабынан жарыяланган фото сүрөттөрдөн эвакуация учурунда 95 пайыз эркектер жоголгонун көрүү мүмкүн. О.э аймакта иш алып барган активисттер тарабынан тартылган сүрөттөрдөн да эркектер жоголуп, аялдар, жаш балдар жана кары-картаңдар гана эвакуация кылынганы аныкталган. Бул сүрөттөрдү да бир нече маалымат каражаттары таркатты.

Аймакта жашаган 16-55 жаштагы эркектер Асад режимин колдогон жалданма аскерлер тарабынан туткунга алынган. Сүрөттөрдү дыкаттык менен текшерген адам, эвакуация кылынып жаткан эркектердин башында күзөтчүлөр турганын көрүүгө болот.

Сириялык активисттердин бири социалдык тармактарга чыгарган видеодо Асад аскерлери эвакуация кылынып жаткан эркектерге “Асад үчүн согушасың же өлөсүң”, аялдарга болсо “жылмайып турасың же өлөсүң”, деп коркутуп жатканы айтылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here