Ташкент конференциясынын катышуучулары бирдиктүү декларация кабыл алды
Ташкентте болуп өткөн “Тынчтык жараяны, коопсуздук тармагындагы кызматташтык жана аймактык шериктештик” темасы астында Ооганстан боюнча эл аралык конференцияга катышкан эл аралык уюмдар менен жыйырмадан ашык мамлекет расмийлери бирдиктүү декларация кабыл алды.
Конференциянын жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйынын өткөргөн Өзбекстан менен Ооганстан тышкы иштер министрлери Ташкент декларациясы ишке ашышы менен Ооганстанда көптөн күтүлгөн тынчтык орнотулушуна кызмат кылышын билдирди.
“Бул жерде сөз Ооганстан расмий өкмөтү “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү менен кең көлөмдүү тынчтыкка жетүү үчүн алгач шартсыз сүйлөшүүлөрдү баштоосу керектиги тууралуу болуп жатат”,- деди Абдулазиз Комилов.
Комиловдун айтымында,Ташкент декларациясы Ооганстанда тынчтык орнотууга каратылган башка эл аралык жана аймактык демилгелер менен бирге башкы форум катары таанылат.
Декларацияда Ооганстандагы террордук жана наркотика контрабандасын токтотуу тууралуу эл аралык жана аймактык кызматташтыктын маанилүүлүгү да белгиленген.
Комилов, декларацияда Ооганстандагы коопсуздукту камсыздоо үчүн жасалган ар кандай демилге учурдагы өкмөткө каратылып, “Талибан” жана “Ислам мамлекети” уюмдарына бирер жардам көрсөтпөө зарылдыгы белгиленгенин кошумчалады.