Ташкентте “Евро Биримдик – Борбор Азия” форматындагы жолугушуу болуп өттү
Ташкентте бүгүн “Тынчтык жараяны, коопсуздук тармагындагы кызматташтык жана аймактык шериктештик” аталышында Ооганстан боюнча жогорку даражадагы эл аралык конференциясы болуп өттү. Ушул конференциянын алдында “Евро Биримдик – Борбор Азия” форматында тышкы иштер министрлеринин кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Евро Биримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.
Жолугушууга Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов, Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Аслов, Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Комилов, Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары Вепа Хаджиев, Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жетекчиси Федерика Могеринилер катышып, кызматташтыкка байланыштуу учурдагы маселелерди талкуулашты.
Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери ЕБнин Борбор Азияга карата жаңыланган стратегиясын макулдады. Алар бул жараянда жигердүү иштешүүгө ар дайым даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушууда, экономика, чек ара, адам укуктары, мыйзам үстөмдүгү жана натыйжалуу башкаруу, ишкердик, коопсуздук, илим жана таалим тармагында алаканы өнүктүрүү тууралуу сөз болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ооганстандагы кырдаалды турукташтыруу, өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты. Ооганстанды социалдык, экономикалык жактан колдоп-кубаттап, өнүктүрүү маселелерине да маани берилди.
Тышкы иштер министрлеринин кезектеги жолугушуусун ушул жылдын экинчи жарымында Брюссель шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.