МИРЗИЁЕВДИН АКЫРКЫ УЧУРДАГЫ АКТИВДҮҮ АРАКЕТТЕРИ ТУУРАЛУУ

353
0

МИРЗИЁЕВДИН АКЫРКЫ УЧУРДАГЫ АКТИВДҮҮ АРАКЕТТЕРИ ТУУРАЛУУ

Ассаламу алайкум. Суроо: 1-Өзбекстан, Кыргызстан жана Кытайдын ортосундагы темир жол курулушуна Орусиянын мамилеси кандай болот?
2-Өзбекстандын Кыргызстан жана Тажикстан менен алакаларын жакшыртууда Ш. Мирзиёевдин кандай максаттары бар? Эмне үчүн өзгөрүүлөр мындай тез түс алууда?

Ва алайкум ассалам ва рахматуллохи ва баракатуху.
Өзбекстан Каримовдун башкаруусу учурунда диктаторлук режимдин зулумдугу эң жогорку чекке жеткен. Каримовдун акыркы күндөрүндө диктаторлук мамлекеттин экономикасына, а түгүл, тышкы саясатына да үлкөн зыян алып келе баштады. Бул болсо өлкөдөгү режимдин диктатурасы туңгуюкка кептелип баратканын жана коомдун абалы күчтүү жарылуу коркунучунда калганын түшүндүрөт. Анткени, ар кандай катуу авторитардык режимдин эң чокусу анын бүтүшү болуп саналат. Бүткүл эл аралык саясат Өзбекстан режиминин мындай абалы кандай акыбеттерге алып барышы мүмкүн экендигинен кабатырда эле. Өзбекстан режими ушундай абалда турганда Каримов өлдү же өлтүрүлдү. Каримовдун катчысы болуп, акыркы он жылдыкта мамлекеттин ички иштерин дээрлик өзү жүргүзүп келген Мирзиёевден башка убактылуу болсо да башкарууну эптей ала турган саясатчы табылбай калды. Режим өкүлдөрүнүн дээрлик баары бир ооздон бийликтин тизгинин ага тапшырды.
Мирзиёев келгенден кийин мурунку режимди жок кыла тургандай аракеттерди алып бара баштады. Бирок, түпкүлүгүндө андай кылбады. Ал режимди реформа кылуу менен өзүнө ылайыкташтырууда. Мирзиёев режимдин негизи болгон элита өкүлдөрүн сактап калып, Гуламов сыяктуу Каримовдун атайын жүгүртөктөрүн жана элита өкүлдөрү болбогон адамдарды жазага тарта баштады. Жарандар, режим калктын үстүндөгү басымды азайтып, экономикалык тармакты реформалоо менен өзгөрүүлөрдү киргизип жатат деп ойлоп калды. Бирок, ал режимди өзгөрткөн жок! Бардык реформалар негизсиз, оозеки түрдө болуп, мыйзамдаштырылган жок. Тагыраагы, конституция же башка мыйзамдарды референдумга коюп өзгөртүү тууралуу кеп болгон жок.
Ошентип, Мирзиёев жаңыча жасалма түрдө утук доорун пайда кылууда. Эл аралык саясат да аны бул иште колдоп-кубаттап жатат. Ошондуктан, ал жүргүзүп жаткан тышкы жана ички реформалар, келишимдер жеңил ишке ашып барууда. Коңшу мамлекеттер Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстан а түгүл, Орусия, Кытай жана Афганстан менен да алакаларын күчөтүүдө. Эл аралык саясат колдобосо мындай алакалар ийгиликсиз болмок.
Демек, Мирзиёев Өзбекстандагы калктын жарылуусунун алдын алып калды. Бул болсо Батыш дүйнөсү үчүн балким, Орусия үчүн да өтө пайдалуу болду. Мирзиёевдин реформаларына карата Орусиянын мамилесине ушул көз караштан туруп каралса туура чечилет. Тагыраагы, Орусия да Мирзиёевдин реформалары тынч түрдө ишке ашып, күтүлгөн натыйжаларга жетишине. Ошондуктан, ал Мирзиёевдин Кытай жана АКШ сыяктуу мамлекеттер менен айрым экономикалык, саясий алакаларына күчтүү каршылык кылбайт же кыла албайт. АКШ мамлекеттик катчысынын Борбор Азия боюнча кеңешчиси “Америка үнү” радиосуна берген баянатында, “АКШ Өзбекстан менен коңшу мамлекеттерден эмес. Демек, биз ал өлкөнүн коңшулук, экономикалык алакаларына аралашпайбыз”, деди. Демек, АКШ Орусиянын Өзбекстандагы экономикалык кызыкчылыктарына каршы кескин иш алып барбайт.
Мирзиёев 25 жыл ичинде чыңалган кырдаалды оңдоп алууга шашылууда. Анткени, бул мүмкүнчүлүк эшиктери ага ар дайым ачык турбайт. Эл аралык саясат Мирзиёевдин алып барып жаткан реформаларынан ыраазы. Бирок, ал Каримовдун режимин өз колуна өткөрүп алууга шашып жатат. Андан соң Борбор Азияда лидерлик макамга ээ болууга аракет кылат. Эл аралык саясат да анын бул максатына каршы эмес.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here