Кыргызстандагы учурдагы кырдаал тууралуу
Ассаламу алайкум! Суроо: Кыргызстандагы кырдаал тууралуу менде бир суроо бар эле. Акыркы учурда Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президентСооронбай Жээнбековдун ортосунда келишпөөчүлүктөр жүз берип жатканы сезилүүдө. Мындай саясий окуяга карата кандай мамиледе болуу керек?
Жооп: Атамбаев Кыргызстандагы жетекчиликти кайрадан колго алуу максатында, Сооронбай Жээнбековду президенттикке өзү алып келген. Планга ылайык, Жээнбеков мурунку президент Атамбаевдин командасы түптөп кеткен коррупциялык жол менен жүрүшү керек болчу. Ал өз макамынан пайдаланып, коопсуздук кызматы, прокуратура, сот жана ИИМ менен кызматташтыкта, Атамбаевдин командасына каршы болгон ар бир саясатчыга каршы бир тараптуу күрөштү улантып барышы күтүлгөн. Бирок, Жээнбеков бул жолдо ишти улантуудан баш тартып, саясий элитаны өз абалына таштап койду. Натыйжада, коррупцияга каршы күрөш схемасы, атамбаевчилер бир тараптуу алып барган жолдон башка тарапка, тагыраагы, өкмөттүн чыныгы коррупциялык кылмыштарына карата бурулуп кетти. Жээнбеков болсо нейтралдуу позицияда туруп алды. Акыбетте, Атамбаевдин кол астында жана анын колдоосу менен ишке ашырылган коррупциялык, саясий жана финансылык кылмыштарга каршы күчтүү саясий чөйрө пайда болуп, күчөп барууда. Бул чөйрө, Атамбаев күткөн бардык стратегиялык пландарын дээрлик жокко чыгарды. Тагыраагы, парламенттеги Атамбаевдин КСДП партиясы баштаган жетекчи коалициянын кубатын сындырды. О.э парламенттик башкарууга өтүү планы да жокко чыгып барууда. Натыйжада Атамбаевдин жетекчиликке келүү, тагыраагы, күтүлүп жаткан премьер министрлик макамына кайтып келүү максаты солгундап калды.
Демек, Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда күтүлбөгөн абал пайда болду. Маселе Атамбаевдин өкмөт ичинде түзүп алган кылмыштуу жетекчи топтун ээнбаштык менен алып бараткан саясий аракеттерине Жээнбековдун ылайыкташып бара албаганынан келип чыкты. Тагыраагы, ал президент катары, Атамбаевдин ушул кылмыштарына шерик болуу ишин улантып кете албагандыктан келип чыкты.
Атамбаев жана анын командасы кылган саясий каталары үчүн жооп бериши керек болгон убакыт жакындашып барууда. Атамбаевдин КСДП партиясы да ыксыз болуп, бир канчасы Жээнбеков тарапка өтүп кетти. Алар, кудум чөгүп жаткан кайыктан качып жаткандай, бардык коррупциялык иштерге түздөн-түз аралашкан партиялаштарынын кылмыштуу аракеттерин каралай башташты. Алдыда КСДП партиясынын алдында эки жол турат. Биринчиси: ал жетекчи партия ордунан түшөт жана Жээнбеков башка бир партияны колдой баштайт. Экинчиси: КСДП партияси толугу менен Жээнбеков тарапка өтүп, Атамбаевчилер андан четтетилет.
Эми эски жана жаңы президенттердин ортосундагы келишпөөчүлүктөргө карата биздин мамилебизге келсек, биз алардын ортосундагы ыплас жана адилетсиздик негизине курулган кылмыштуу келишимдерине, исламий мабдаъий дүйнө карашыбыздан келип чыгып мамиле билдиришибиз керек. Дүйнөлүк куфр системасы, Кыргызстан сыяктуу колониядагы өлкөлөрдү алсыз жана өздөрүнө көз каранды абалда кармап туруу максатында, үстүбүзгө бузуку, кыянатчы, таасири жок алсыз жетекчилерди атайын алып келип коюшат. Алар мамлекеттин жана калктын мүлктөрүн сүлүктөй соруп, анын тизгинин колго алууда бири-бири менен жарышышат. А түгүл, алар бийликти колунда кармап калуу максатында калкты алдап, өз жарандарын коогалаңдарга да кептеши кеп эмес. Маселен, 7-апрелдеги төңкөрүш же 10-июлдагы Ош окуясы сыяктуу кылмыштарды атайын уюштурушат. Ошондуктан, биз бул сыяктуу алсыз жана кордукка ыраазы болгон саясий элитаны каралайбыз! Алардын ыплас саясий оюндарынын курмандыгына айланып калган калк жана анын өкүлдөрүн ыплас тарапкечтик аракеттерден сактанууга чакырабыз.
Белгилүү болгондой, куфр системасы ичиндеги бардык саясий аракеттерде Ислам жана мусулмандарга эч кандай пайда жок. Мусулмандардын куфр системасы ичинде саясий аракет алып баруусуна бир гана максатта уруксат берилет. Ал да болсо, ушул системанын Ислам жана мусулмандарга карата саясий, экономикалык, мабдаий жактан зыян жеткирип жатканын үммөткө ачып берүү. Ислам үчүн бирер пайда издеп, куфрга киришип кетүүгө болбойт. Анткени, куфр системасынын ичинде исламий кызыкчылык болушу мүмкүн эмес!