Саудия мураскери: Саудиялык аялдар хижаб кийип жүрүүгө мажбур эмес

386
0

Саудия мураскери: Саудиялык аялдар хижаб кийип жүрүүгө мажбур эмес

Саудиянын мураскер шахзадасы Мухаммад бин Салман “CBS” журналисти Нора ОДоннелл менен болгон маегинде саудиялык аялдардын кийимдери тууралуу суроого жооп берди. Ал, саудиялык аялдар өз урматына ылайык кийинишип, оромол салынууга жана кара хижаб кийүүгө мажбур эмес. Кандай кийинүүнү аялдардын өздөрү тандашы керектигин айтып өттү.

 “Шаръий шарттар негизинде чыгарылган мыйзамдар анык. Аялдар да эркектер сыяктуу өздөрүнө ылайык кийине алат. Бул албетте кара хижаб, кара никаб кийүү жана оромол салынуу шарт дегенди түшүндүрбөйт. Өздөрүнө ылайык кайсы түрдөгү кийимди тандоо аялдардын өздөрүнүн ыктыярында”,- деди Мухаммад бин Салман жекшемби күнү эфирге чыгарылган CBS сыналгысына берген интервьюсунда.

Өткөн айда, диний жетекчилердин бири да аялдар “жөнөкөй” кийим кийиши зарылдыгын, бул “албетте хижаб кийүү шарт” деген маанини түшүндүрбөй тургандыгын билдирген эле. Саудия мураскеринин аялдардын кийими тууралуу бул баянаты анын АКШга боло турган сапары алдында билдирилди. Ушул убакытка чейин Саудияда хижабсыз жүргөн аялдар полиция тарабынан кармалып, а түгүл, сотто жазаланышчу.

Буга кошумча, Мухаммад бин Салман аялдарга стадиондорго кирүү, концерттерге катышуу үчүн уруксат берди. Саудия аялдары 8-март эл аралык аялдар күнүндө жаңы укуктардан пайдаланып, Жидда шаарында аялдар марафонун уюштурушту.

Журналист Нора ОДоннеллдин “Сизди мындан токтото турган бирер нерсе барбы?”, деген суроого Саудия мураскери “Өлүм гана токтотот”, деп жооп берди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here