Саудияда мындан ары АКШнын жазз музыка-ырларын угуу адал
Саудияда АКШнын саясий таасири ашкере көрүнө баштады. Падышалыктын башкы муфтийи Абдул-Азиз АКШнын “Jazz” музыка-ырларын угууга уруксат берди.
Буга чейин Саудияда мындай музыкаларды угууга “арам” деп фатва берилип келген. Бирок, Абдул-Азиз Али Шейхтин айтымында, мындай музыканы угууга карата мурунку уламалардын келтирген далилдери жана алар таянган хадистердин санады заиф имиш. Башкы муфтийдин белгилешинче, “Jazz” музыкасы арам эмес жана ал оюн-зоок түркүмүнө кирбейт. Анткени, ал музыка мусулман араб түшүнбөй турган чет элдик тилде жаңырат.
Соңку кабарларда айтылышынча, “оюн-зоок” борборунун башчылыгында Саудиянын баш калаасы Риядда бейшемби күнү кечинде биринчи жолу көңүл ачуучу “Jazz” фестивалы башталат. Өлкөдө ашкере түрдө өткөрүлүп жаткан бул фестивал 3 күнгө созулат.
Саудиядагы “оюн-зоок” борборунун расмий сайты Жидда шаарында биринчи опера үйүн куруу үстүндө иш баштаганын билдирди. “Оюн-зоок” борборунун мүдүрү Ахмад бин Укайл ал-Хатибдин акыркы баянатында, Саудия алдыдагы он жылда көңүл ачуучу тармакты өнүктүрүү үчүн жалпысынан 240 миллиард риял (65 миллиард доллар) каражат бөлөөрүн билдирди. Бул каражат мамлекеттик жана жеке секторлордон жыйналып алынат.