Казакстан терроризмге каршы күрөшүүгө 270 миллиарддан ашык тенге бөлөт

384
0

Казакстан терроризмге каршы күрөшүүгө 270 миллиарддан ашык тенге бөлөт

 Vlast.kz” кабар агенттигинин билдиришинче, Казакстан өкмөтү 6-мартта диний экстермизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча 2018-2022-жылдар үчүн даярдалган мамлекеттик программанын долбоорун тастыктады. Улуттук коопсуздук комитет жетекчисинин орун басары Нургали Билисбеков бул долбоорду министрлер кабинетинин жыйынында сунуштап жатып, “долбоор радикалдуу көз караштагы адамдарга, экстремисттик кыймылдарга жана терроризмге каршы каратылган”ын айтып өттү.

“Долбоордын алкагында 80 иш-чара өткөрүлөт. Алардын 35и атайын макамга ээ. Бул иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн беш жыл ичинде 270 миллиард тенгеден ашык (840 млн. $) каражат бөлүү пландаштырылган”,- деди Билисбеков.

Анын айтымында, бул каражаттар “атайын кызматтарды, укук коргоо органдарын заманбап техникалар, курал-жарактар жана акыркы үлгүдөгү жабдуулар менен камсыздоо үчүн жумшалат. О.э профилактикалык иш-чараларды уюштурууга, орган кызматкерлеринин квалификациясын көтөрүүгө багытталат”.

Билисбеков, “Бул иш-чаралардын натыйжасы максаттуу көрсөткүчтөр менен өлчөнөт. Мында радикализмдин таасирине дуушар болгон адамдардын жылдык көрсөткүчүн азайтуу назарда тутулат. 2022-жылга чейин экстремисттик пикирлерди колдоп-кубаттаган казакстандыктардын санын 65 пайызга, террордук чабуулдарды алдын алуу боюнча атайын кызматкерлердин даярдык даражасын 95 пайызга көтөрүү керек”,- деп кошумчалады.

Жаңы сунушталган мамлекеттик долбоор 2013-2017-жылдар үчүн кабыл алынган мурунку долбоордун уландысы болуп, анын натыйжалары өкмөттүн жыйынында талкууланды.

“Башкармалыктар арасындагы мамилелерди жана контрразведка иштерин жакшыртуунун натыйжасында 2013-жылдан бери 38 террордук аракеттин алдын алуу мүмкүн болду”,- деп сөзүн аяктады Билисбеков.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here