Өзбекстан менен Кыргызстандын Ички иштер министрликтери кызматташтыкты баштады

390
0

Өзбекстан менен Кыргызстандын Ички иштер министрликтери кызматташтыкты баштады

Ташкентте 2-мартта Өзбекстан менен Кыргызстандын Ички иштер министрликтери ортосунда башкармалыктар аралык жумушчу топтун биринчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Өзбекстан ИИМинин маалымат кызматы кабарлады.

Жыйында жалпы кылмыштарга каршы күрөшүү жана издөө иштеринде министрликтер ортосунда кызматташуу маселелери каралып чыкты.

Мындан тышкары, эки тарап терроризм, экстремизм жана мыйзамсыз миграция боюнча маалымат алмашуудагы ишмердүүлүктүн учурдагы абалы жана келечеги тууралуу сүйлөшүп, наркотикалык заттарга, психотроптук заттарга жана мыйзамсыз соодага каршы күрөшүү боюнча өз ара кызматташууну өнүктүрүү жолдорун талкуулашты.

О.э жыйындын катышуучулары эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана белгиленген тармактарда тажрыйба алмашуу маселелери тууралуу пикир алмашышты.

Иш-чаранын аягында, 2018-2019-жыл үчүн Өзбекстан Республикасынын ички иштер министрлиги менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги ортосундагы өз ара кызматташтык тууралуу протоколго кол коюлду.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here