Путин Орусия үчүн эң негизги коркунучту айтты

344
0

Путин Орусия үчүн эң негизги коркунучту айтты

Орусия социалдык жана экономикалык тармактардагы татаал кырдаалдарды жоё алды, мамлекеттин бүтүндүгү камсыздалды, деп билдирди Орусия президенти Владимир Путин Федералдык жыйындагы кайрылууда.

“Биз бардык этибарыбызды, күчүбүздү бир муштумга бириктирип, оор жана натыйжалуу мээнет кылуу үчүн эркибизди көрсөтүшүбүз шарт. Мындай кылбасак биздин да, перзенттерибиздин да, мамлекетибиздин да келечеги болбойт. Сөз кимдир бирөө келип жерлерибизди басып алышы тууралуу болгон жок. Сөз биз үчүн эң негизги коркунуч жана душман болгон  калактык тууралуу болуп жатат. Эгер кырдаалды өзгөртпөсөк, бул калактык дагы да күчөйт”,- деди Путин.

Белгилүү болгондой, Орусия президенти ар жылы Федералдык жыйында мамлекеттеги кырдаал, ички жана тышкы саясаттын негизги багыттары тууралуу кайрылуу жасайт. Бул кайрылуу Орусиянын жакынкы келечектеги өнүгүүсүн, стратегиялык багыттарын белгилөөчү саясий-укуктук документ болуп саналат.

Түркистон: 

Путин, шайлоо алдында саясий билдирүү жасап жатканын билип турабыз. Бирок, ал калактык деп анык кайсы тармакты назарда тутуп жатат? Мамлекеттиби же жарандардын деңгээлинби?

Саясий калактык: Орусиянын эл аралык саясатта дээрлик аброю калбады. Ички саясатында да авторитардык режим орнотуп алып, мамлекетти олигархтар (өкмөттүн өкүлү болгон жана кызматтык абалынан пайдаланып капиталист болуп алган адамдар) башкарып калды. Бул албетте Путиндин ушул абалды түптөөсүнө шарт жаратып берген жарандардын саясий калактыгынын натыйжасы!

Экономикалык калактык: Путин режими, жеке жана жалпы мүлктөрдүн дээрлик баарын мамлекетке улутташтыруу саясаты менен тартып алды. Бул мүлктөрдү Путиндин режиминин өкүлдөрү болгон олигархтар өз ара бөлүшүп алды. Ар бири бир нече тармактарды өздөрү үчүн саан уй сыяктуу кирешелүү булакка айлантып алышты. Натыйжада алгач жеңил өнөр-жай, кийин оор өнөр-жай талкаланды. Орусия учурда чет элдик продукция үчүн үлкөн базарга айланып калды. Бул да Орусия жарандарынын саясий калактыгынын натыйжасы!

Мындан тышкары, орус калкынын сакафий, манавий, инсаний калактыктары да бар. Бирок, бул калактык бир гана орус калкына таандык эмес. Бул дүйнөлүк куфр системасынын негизи болгон демократия акыйдасына негизделген капиталисттик идеологиянын үстүбүздө колдонулуп жаткандыгынын акыбети. Ооба, орус калкы жогорудагы калактыктарга алып барган Путиндин режимине бийликти тапшырып берип, ага мамлекетти ушул абалга алып келиши үчүн шарт жаратып бергенинин өзү калактык. Эгер орус калкы мынчалык калак болбогондо, Путин жогорудагы билдирүүсүндө аларга кыянаттык кылып, орус элин мынчалык төмөн түшүрүүгө батына албайт болчу. Ал уялбай мүмкүн болбогон убадаларды берип, өзүн дүйнөнү куткаруучу катары көрсөтүүнү улантууда! Болбосо Орусиянын калактык даражасы, Путин алып барып жаткан төмөн деңгээлдеги саясаттын натыйжасында келип чыккан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here