Эрдоган: Башар Асад канкор

391
0

Эрдоган: Башар Асад канкор

Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдоган өлкөсүнүн түштүгүндө жайгашкан Газиантеп облусунда “Адилет жана өнүгүү партиясынын” тарапкерлери алдында сүйлөгөн сөзүндө Сирия маселесине токтолуп өттү. Ал өз сөзүндө сириялык кесиптеши Башар Асадга карата оор сөздөр менен чабуул кылып жатып, аны канкор деп сыпаттады.

“Адаттагы жана химиялык куралдар менен өлтүрүлгөн дээрлик эки миллион адамдын өлүмү үчүн Сирия президенти жоопкер”,- деди Эрдоган.

Дүйнөнүн Асад режими тарабында турушуна жана аны коргоп жатышына таң калганын билдирген Түркия президенти, Түрк өкмөтү эч качан адилетсиздик тарабында турбастыгын жана эч качан заалимдердин жанына болбошун, тескерисинче, мазлумдардын укугун коргоп, аларга жардам берүүсүн билдирди.

Түркистон:

Ооба, албетте Асад өз калкын кыргын кылган канкор жана ырайымсыз террорист. Буга күмөн да жок. Бирок, ошол эле учурда Сирия калкын тынымсыз кыргынга салып жаткан Владимир Путин ким?! Ал да канкор, террорист эмеспи?! Путиндин Асаддан айырмасы эмнеде?! Бейкүнөө адамдарды Асад сыяктуу жерден эмес, абадан кыргын кылуусундабы?! Акыры орус учактары бир күндүн ичинде жүздөгөн жаш балдар жана аялдардан турган тынч калкты өлтүрүүдө го! Муну ким четке кага алат?! Путиндин жырткычтыгына бүткүл дүйнө күбө болууда.

Бирок, Эрдоған Путинди досум деп атоодо. Аны менен кээде жолугушуп, айрым учурда телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат. Эгер Эрдоған Асадга карата айтылган сөздөрүн чын дилден айтса, үч жылдан бери Сириядагы мусулмандарды кыргын кылып жаткан Путинди досум деп, аны менен жакын болбойт эле. Ушундай болгон соң, Эрдогандын бул аракеттерин ачык мунаафыктыктан башка эмне деп түшүндүрүү мүмкүн?!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here