Түркия Сирияны согуш ачам деп коркутту

433
0

Түркия Сирияны согуш ачам деп коркутту

 Түркия тышкы иштер министри Мевлут Чавушоглу, эгер Сирия армиясы Афринде күрддөргө көмөк көрсөтсө, Түркия ага каршы аскерий жүрүш жасайт деп коркутту.

 Чавушоглу, “Сирия өкмөттүк кошуундары Афринди сириялык күрддөрдүн  “элдик коргонуу кошуунунан” (YPG) тазаласа, Түркиянын шаарга кирүүсүндө маселе туулбайт. Тескерисинче, алар күрд кошуунун бизден коргосо, анда Түркия жана түрк аскерлерин эч нерсе токтото албайт. Бул Манбиж жана Эвфраттан чыгыштагы аймактарга да байланыштуу”,- деди Чавушоглу.

 18-февралда Reuters кабар агенттиги сириялык күрддөр жана расмий өкмөттүн күчтөрү Афринге кирүү боюнча келишим түзгөнү боюнча кабар берген. Алардын эки күн ичинде Африн аймагынын Түркия менен чектеш жеринде бир катар позицияларды ээлеши белгиленген.

 SANA кабар агенттиги кабарлашынча, жакынкы сааттарда Афринге Сирия элдик коргонуу кошууну кирип барат. Алар калкты Түркиянын чабуулуна каршы күрөштө колдоп-кубаттайт. Анкаранын аймакты басып алышына жол бербейт.

 Буга чейин элдик коргонуу кошуунунун өкүлдөрү Сирия өкмөтүнүн күчтөрү менен эч кандай сүйлөшүүлөрдү алып барбаганын айтып келген.

 Түркия 20-январдан бери Афринде күрд күчтөрүнө каршы “зайтун бутагы” аталышындагы аскерий жүрүштөрдү алып барууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here