Жон Керри: Иран менен болгон келишим жокко чыгарылса, ага бомба таштоого туура келет

414
0

Жон Керри: Иран менен болгон келишим жокко чыгарылса, ага бомба таштоого туура келет

 АКШнын мурунку мамлекеттик катчысы Жон Керри Иран менен түзүлгөн өзөктүк курал боюнча келишим жокко чыгарылса, аскерий келишпестик келип чыгаарын билдирди.

 “Эгер биз Иран боюнча келишимди жокко чыгарсак, аларга бомба таштоону башташыбыз керек болот. А биз муну каалабайбыз”, – деди Керри Мюнхендеги 54-коопсуздук конференциясында сүйлөгөн сөзүндө.

 Керри “Израил” өкүлдөрүнүн, “Иран өзөктүк мыйзам боюнча келишимге карабай, 10 жылдан кийин өзөктүк куралын ишке салат” деген баянаттарын колдобой турганын кошумча кылды.

 “Бул туура эмес божомол, мен аны колдобойм”, – деген Керри “Иран кооп туудурушу мүмкүн экенин, өзөктүк курал боюнча мыйзамда айрым маселелер каралбай калып кеткенин айтып өттү. Маселен, адам укуктарын коргоо маселеси каралбай калган.

 2015-жылдын 14-июлунда Иран менен алтылыктын (Орусия, АКШ, Улуу Британия, Кытай, Франция, Германия) ортосунда Ирандын өзөктүк куралына байланыштуу көп жылдык көйгөйлөрдү жөнгө салуу үчүн тарыхый келишим түзүлгөн. АКШнын азыркы админстрациясы келишимди катуу сындап, аны мамлекеттин “эң жаман келишими” деп атаган. Муну менен эле чектелбестен, бул келишимден чыгам деп коркутуп келет.

 Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик Иран ар дайым өз мажбурияттарын калтырбай аткарып жатканы тууралуу отчёт берүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here