Орусия Түркиянын мээлүүн оппозицияны өзүнө тартышын күтүп жатат

526
8

Орусия Түркиянын мээлүүн оппозицияны өзүнө тартышын күтүп жатат

Орусия Идлиб шаарындагы мээлүүн оппозицияны Түркия өзүнө тартышын күтүп жатат. Бул тууралуу “Известия” гезити Орусиянын жогорку даражалуу расмий адамына таянып кабар таркатты. Анын айтымында, Орусия АКШ ишке ашыра албаган ишти Түркиянын кылышын күтүп жатат.

 “Биз Америкалыктардан бул ишти жүзөгө ашырууларын узак убакыт күттүк. Бирок, натыйжа чыкпады. Эми бул вазыйпа Түркияга өттү. Азыр Түркия Астанада жетишилген келишимге ылайык, Идлиб шаарындагы “коопсуз аймакты” көзөмөлдөп жатат. Биз Түркиянын таасириндеги мээлүүн оппозицияны Идлибдеги террорчулардан бөлүп алышын күтүп жатабыз”,- деди расмий өкүл.

Орусия Тышкы иштер министрлигине байланыштуу Москва эл аралык мамилелер университетинин Чыгыш таануучу окумуштуусу Юрий Зинин “Тахрир аш-Шам” тобуна сырттан келген жардамдар азайганын жана айрым топтордун жетекчилери үчүн андан бөлунүп кетүү мүмкүнчүлүгү туулганын билдирди. Эксперттин ырасташынча, мээлүүн оппозицияны “Тахрир аш-Шам” жамаатынан бөлүп алуу мүмкүнчүлүгү Түркиянын колунда бар.

Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган  да жергиликтүү маалымат агенттиктери аркылуу берген баянатында, Африн жүрүшү Орусия менен келишилген абалда ишке ашырылып жатканын билдирди.

“Биз бул маселеде орус досторубуз менен да, башка коалиция күчтөрү менен да келишип алдык. Учурда Орусия менен түзгөн келишимдин негизинде аракетибизди улантып жатабыз”,- деди Эрдоган.

8 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here