Мьянмадагы кыргындын акыйкаты ачыкка чыга баштады

476
0

Мьянмадагы кыргындын акыйкаты ачыкка чыга баштады

АКШ мамлекеттик департаментинин кабарлашынча, Мьянмага Орусиянын курал жарак жеткирип бериши абалды дагы да оорлоштурат.

Департаменттин расмий өкүлү Хезер Науэрт ушундай билдирүү жасады:

“Чындыгында дүйнөдөгү көпчүлүк өлкөлөр Мьянмадагы кризисти тынч жол менен чечүү аракетинде болсо да, айрым мамлекеттер көбүрөөк кыргындарга, туруксуздукка алып келе турган кадам таштоого даяр турат. Орусияда Мьянмага гуманитардык жардам көрсөтүү менен дүйнөгө биримдикти  жар салууга зор мүмкүнчүлүк бар болчу. Бирок, ал курал-жарак сатуу менен абалды дагы да оорлоштурмакчы”.

Науэрттин ырасташынча, АКШ Мьянма аскерийлерин көптөн бери ыкчам даярдыктан өткөрбөй калган. А түгүл, курал-жарак, технологияларды, аскердик материалдарды да жеткирип бербейт.

Буг чейин Бангладеш менен Мьянма рохинжалык мусулмандарды мекенине кайтаруу боюнча чечим чыгарганы кабарланган.

Туркистон:

Дүйнөлүк жетекчиликти талашып жаткан куфр мамлекеттери өздөрүн тим эле мусулмандарга боор ооруп жаткандай көрсөтүп, бири-биринин ыплас иштерин ачып ташташууда. Түпкүлүгүндө, мусулмандар жашаган жерлерден табылып жаткан үлкөн кен-байлыктар алардын шилекейин агызууда. АКШнын Орусияны жамандоо менен мусулмандар жашап келген Араканда аныкталган кен-байлыктарга жалгыз өзү ээ болууну гана көздөп жатат.

Акыркы учурда мунай жана газ боюнча илмий изилдөөлөрдү алып барып жаткан эл аралык компаниялардын Мьянмага карата кызыгуусу арта баштады. Маселен, Британия менен Мьянма фирмалары Араканда, тагыраагы, мусулмандар жырткычтарча кыргын кылынып, куугунтукталган аймакта мунай жана газ боюнча изилдөө иштерин бирдиктүү алып бара баштады. Британиянын “James Fisher and Sons” компаниясы менен Мьянманын “Royal Marine Technology” фирмасынын өкүлдөрү “Sule Shangri-La” мейманканасында бирдиктүү ишкана түзүү үчүн келишимге кол коюшту.

“Тез күндөрдө чет элдик кызматтар Мьянмада көбөйө баштайт. Ошондуктан, жергиликтүү компаниялар менен кызматташуу үчүн биринчи кадам катары келишим түздүк. Англия компаниясы бул жерде орношуу үчүн биздин фирма менен бигеликте иш алып барууда”-, деди Мьянма фирмасынын башкы менеджери Мйинт Аун.

Мьянма өкмөтү Аракандык мусулмандарды мекендеринен эмне үчүн куугунтуктаганы ашкере боло баштады. Жырткыч бутпарастар үйлөрүн да, өздөрүн да өрттөп, куугунтуктаган рохинжа мусулмандары жашаган аймактан үлкөн көлөмдө табигый газ жана мунай запастары табылууда. Мусулмандарга карата жырткычтарча кылмыштар кылынып, жерлери тартып алынган 18 аймакта 3,2 миллиард баррел мунайдын жана 90 триллион куб метр табигый газдын запасы табылган. Британия соода жана инвестиция агенттигинин эсебинде , Мьянмада тастыкталган мунай жана газдын запасы Индиянын запасы менен барабар. Булардын 3/2 бөлүгү  рохинжалык мусулмандар жашап келген аймакка туура келет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here