Иран АКШга каршы биримдик түзүүнү сунуштады

437
0

Иран АКШга каршы биримдик түзүүнү сунуштады

Иран, Орусия жана Сирия АКШга каршы туруучу коалицияга биригиши мүмкүн. Бул тууралуу Ирандын руханий жетекчиси Аятулла Али Хаменейинин жардамчысы, генерал-майор Яхя Рахим Сафавий айтканын “Фарс” (Fars) маалымат агенттиги билдирди. Кабарда келишинче, Сафавий бул биримдикке Пакистан менен Иракты да кошулууга чакырган.

 Сафавийдин айтышынча, Вашингтон саясий, экономикалык жана аскерий пайдаларга ээ болуу үчүн “аймакта карама-каршылык отун” тутантып келүүдө. Мындан тышкары, АКШ  “30 миң кишиден турган уюм” менен күрддөрдүн автономдуу аймагын түзүүгө аракет кылып жатат. Сафавий Вашингтонду эл аралык укук негиздерин жана мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн бузуп жатат деп айыптады.

 Маалым болгондой Иран, Орусия жана Түркия Сириядагы козголоңду тынчтык жол менен чечүүгө кепил болгон мамлекеттер эсептелет.

 Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы келишпестик Дональд Трамп президенттик такка отургандан кийин күчөп кетти. Трамп Иран менен түзүлгөн ядролук долбоорду жокко чыгарам деп коркутуп келсе, Хаменейи АКШны Ирандын башкы душманы деп атаган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here