Франция Түркиянын аракеттерине байланыштуу Коопсуздук Кеңешин чакырууну талап кылды
Франция тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан өзүнүн твиттер баракчасында, “Франция Сирия маселесине байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңешин атайын жыйынга чакырууну талап кылды”, деп билдирди. Бул Түркиянын Сириядагы күрд аймактарында алып барып жаткан аскерий аракеттерине карата эл аралык коомчулуктун мамилеси болду.
Ишемби күнү Түркия Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы, Сирия менен Түркия чегарасында жайгашкан Африн аймагында күрд отряддарына каршы аскерий жүрүш башталганы тууралуу баянат берди. Түркия премьери Бинали Йылдырым 21-январда авиация жана оор техникалардын коштоосунда жүрүш башталганын тастыктады.
АКШ Түркиянын бул жүрүшү аймакты дагы да туруксуздукка алып келиши мүмкүн деп эскертти. Түркиянын Анадолу маалымат агенттигинин кабарлашынча, күрддөрдүн “Сирия элдик кошуунуна” каршы “Зайтун бутагы” деп аталган аскерий жүрүштү Дамасктагы өкмөткө каршы күрөшүп жаткан “Сирия азаттык армиясы” колдоп кубаттап жатат.
Түркия “Күрдистан жумушчулар партиясы (КЖП) менен алакасы барларды айыптап келет. Бул партия 30 жылдан бери Түркиянын түштүк-чыгышында каршылык көтөрүлүштөрүн жүргүзүүдө. КЖП Түркия, АКШ жана Европа Биримдигинде террордук уюм катары таанылган.