Жээнбеков Өзбекстанга тиешелүү мыйзамга кол койду

319
0

Жээнбеков Өзбекстанга тиешелүү мыйзамга кол койду

Кыргызстан президентинин маалымат кызматы кабарлашынча, Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда чегарага жакын аймакта ишеним чаралары боюнча 2017-жылдын 6-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган бүтүмдүн ратификациясы туурасындагы мыйзамга кол койду.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 21-декабрында кабыл алынган. Мыйзамдан көздөлгөн максат – Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы чегарада коопсуздук жана ишенимди бекемдөө, тынчтыкты, туруктуулукту сактоо боюнча өз-ара мамилелерди тартипке салуу.

Бул мыйзам долбоору аймактагы коопсуздук жана туруктуулукту сактоо, терроризмге каршы күрөшүү, дары-дармектердин мыйзамсыз кирип-чыгуусуна каршы күрөшүү, жаңы чакырык жана коркунучтарга каршы туруу о.э мамлекет чегарасы аркылуу мыйзамсыз миграция маселелери боюнча кызматташууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн берет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here