Тиллерсон: Обаманын катасын кайталабайбыз

343
0

Тиллерсон: Обаманын катасын кайталабайбыз

АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон, Сириядагы абал “оңолгонго” чейин АКШ армиясын Сириядан алып чыкпай турганын билдирди. Тиллерсон бул тууралуу 17-январь күнү Стенфорд университетинин Хоовер институтунда, Американын Сирияда жүргүзүп жаткан  саясаты тууралуу берген баянатында айтып өттү. Тиллерсондун айтымында, согушта аскерий жеңиштерге жетүү абдан маанилүү. Бирок, аскерий жеңиштин өзү саясий утуштун кепилдиги боло албайт.

Обама админстрациясы АКШ аскерлерин Ирактан мөөнөтүнөн мурун алып чыкканын сынга алган Тиллерсон, бул иш Аль-Каиданын ИШИМге айлануусуна себеп болгонун айтып өттү.

“Сириядагы аскерий миссиябыз шартка байланыштуу уланат. Биз азыр Сириядан чыкпашыбыз керек. Тагыраагы, 2011-жылда Иракты мөөнөтүнөн мурда таштаганыбыз сыяктуу катаны кайталабашыбыз керек. Бул ката Аль-Каиданын аман калышына жана убакыттын өтүшү менен ИШИМге айланышына себеп болду. Натыйжада ИШИМ жана башка террордук уюмдардын мамлекетке үлкөн зыяндарды жеткиришине мүмкүнчүлүк жаратты”,- деди Тиллерсон.

Башкы дипломат АКШнын Сириядагы саясатынан көздөгөн “негизги максаты” Ирандын аймактагы таасирин азайтуу, деген пикирин алга сүрдү. Анын белгилешинче, АКШ армиясын Сириядан алып чыгуу, аймакты Иранга тапшырууну түшүндүрөт.

Туркистон:

АКШнын эки жүздүү саясатынын чеги да ары да жок экен! 11-сентябрь окуясын да, “Аль Каида”, “ИШИМ” уюмдарын пайда кылуу механизмин да, Иран, Түркия, Россия менен кызматташтык деген шылтоо аркылуу аларды аймакта агрессивдүү кылып көрсөтүү максатындагы маалыматтык согушту да АКШ кылып жатканы белгилүү. А түгүл, учурда Афганистанда түптөлүп бараткан “ИШИМ” коркунучун да АКШнын өзү пайда кылып жатканын бүткүл дүйнөдөгү жетекчи саясатчылар далилдери менен анык билишет! Дүйнөдөгү саясатчылар АКШ айтып жаткан согушчан уюмдар же агрессивдүү мамлекеттерден эмес, АКШ өз кызыкчылыгы негизинде ойлоп таап жаткан келжиректиктерге ишенбөө керектигин ашкере кылуудан коркушат! Алар АКШ тарабынан уюштурулушу мүмкүн болгон эл аралык фитналардан коркушат! АКШ болсо өзүнүн дүйнөдөгү жетекчи мамлекеттигинен пайдаланып, Шиялар менен Суннийлер, Европа менен Россия, “ИШИМ” менен “Талибан”… сыяктуу мамлекет жана уюмдарды бири-бири менен коркута турган негизде түптөлгөн эл аралык саясатты өнүктүрүп барууда!

Тиллерсондун жогорудагы баянатынан, дүйнөдөгү түптөлүп бараткан исламий мабдаъий чөйрөгө сокку берүү көздөлгөн. Сирияда АКШ жана куфр дүйнөсү үчүн өтө кооптуу абал жаралууда. Тагыраагы, Сирияда Ислам мабдаъсына негиз салынып калды. АКШ куфр дүйнөсүнө, ушул түптөлүп калган исламий чөйрөнү бузуп жибергенге чейин ал жерди таштап кете албай турганын айтмакчы болду. Бул исламий чөйрө менен күрөшүү бир гана АКШнын милдети жана кызыкчылыгы эмес экенин айткысы келди. АКШ, а түгүл ушул  исламий мабдаъий чөйрөнү жок кылуу үчүн Саудия баш болгон ислам өлкөлөрүн болгон кубаты менен күрөшкө тартууга аракет кылууда!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here