АКШ мамлекеттик катчысы Европа мамлекеттерине сапар тартат

324
0

АКШ мамлекеттик катчысы Европа мамлекеттерине сапар тартат

АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Европа мамлекеттерин бойлоп бир апталык турнесин өткөрөт. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаменти кабар таркатты.

Тиллерсон 21-27-январь күндөрү Улуу Британия, Франция, Швейцария жана Польшага барат. Американын башкы дипломатынын сапары Лондондон башталып, ал жерде Улуу Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон менен жолугашат. Жолугушууда Иран, Сирия, Ливия, Украина жана Түндүк Корея темаларынын алкагында талкуу жүргүзүү пландаштырылган.

Тиллерсон Парижге 23-январь күнү келип, Франция өкмөтүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

АКШ мамлекеттик катчысы 24-26-январь күндөрү Швецариянын Давос шаарындагы бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга катышат.

Башкы дипломаттын турнеси 26-январь  күнү Варшавадагы сүйлөшүүлөрү менен аяктайт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here