Түркиянын нааразылыгы АКШнын назарында кыпындай да мааниге ээ эмес
АКШ башчылыгындагы коалиция 30 миң адамдык чегара коопсуздук күчтөрүн түзүү үчүн Сириядагы союздаштары менен келишип иш алып барууда. Бул тууралуу ИШИМге каршы күрөш боюнча Коалициялык күчтөрдүн коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди. Кабарда келишинче, жаңы түзүлгөн чегара коопсуздук күчтөрү 30 000 адамдан турат жана анын жарымы “Сирия демократиялык күчтөрүнөн” түзүлөт. Экинчи жарымы болсо аскерий машыгуудан өткөрүлөт. Учурда болжол менен 230 адамдык биринчи топту аскерий машыгуудан өткөрүү уланууда. Келишимге ылайык, жаңы түзүлгөн коопсуздук күчтөрү “Сирия демократиялык күчтөрүнүн” башкаруусу астында болот. Ал түндүктөн Түркия чегарасына, чыгыштан Ирак чегарасына жана Ефрат дарыясынын өрөөнүнө жайгаштырылат.
“Сирия Демократиялык күчтөрү” Түркиянын террорчулар тизмесинде биринчи орунда туруучу Курдистан жумушчулар партиясынын Сириядагы канаты болуп эсептелет. Ошондуктан, Түркия бийлиги АКШнын бул аракетине нааразылык билдирүүдө. Бирок, Ак үй болсо Түркиянын катуу каршылыгына карабастан, “Сирия демократиялык күчтөрүң” колдоп-кубаттоону улантууда. Негизи, Түркия бийлиги АКШнын эң жакын союздашы болуп эсептелет. Эгерде Түркиянын жардамы болбосо Пентагон Сириядагы пландарын ишке ашыра албастыгын АКШ расмийлери тынымсыз кайталап келет.
АКШ ИШИМге каршы күрөш шылтоосунда “Сирия Демократиялык күчтөрүн” оор жана жеңил куралдар менен камсыздай баштаган эле. А бирок, ИШИМ жеңилгендиги айтылып жаткандыгына карабастан, бул ишин дагы эле улантууда. Бул болсо, АКШнын “Сирия демократиялык күчтөрүн” колдоп-кубаттоодон көздөгөн негизги максаты Сирия калкынын исламий ынкылабына тоскоолдук кылуу жана саясий мухитти толук көзөмөлгө алуу экендигин көрсөтөт.