Ашраф Гани: Афган армиясы АКШнын финансылык жардамысыз жарым жыл да жашай албайт

352
0

Ашраф Гани: Афган армиясы АКШнын финансылык жардамысыз жарым жыл да жашай албайт

Афганистандын президенти Ашраф Гани “CBS” телеканалына берген интервьюсунда АКШнын  каржылык жардамы болбосо Афганистан армиясы алты ай да жашай албастыгын билдирген.

 “Биз АКШнын жардамысыз жана АКШнын мүмкүнчүлүктөрүсүз армиябызды жарым жыл да кармап тура албайбыз”, – деп айткан Гани.

 Журналисттин “АКШнын жардамысыз Афганистан армиясы чындап эле алты ай да жашай албайбы” деген суроосуна Афганистан президенти: “Ооба. Себеби биздин акчабыз жок”, – деп жооп берген.

Ошол эле учурда Гани Афганистанга өз согуштарын алып баруу үчүн башкалар керек эместигин баса белгилеген.

О.э. мамлекетте 21 эл аралык террордук уюмдун согушкерлери аракеттенип жаткандыгын билдирген.

Телеканалдын маалыматына таянсак, 2017-жылы 4 айдын ичинде төрт миңден ашуун полициячы жана аскерлер жарадар болуп, алардын 2,5 миңи көз жумган.

Мындай абал “Афганистанда коопсуздук камсыздалганга чейин уланат”,- деп айткан Ашраф Гани.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here