Капитализмде туура эмес бөлүштүрүүнүн натыйжалары
2017-жылы дүйнөдөгү эң бай кишилердин байлыгына дагы 1 триллион доллар кошулду. Миллиардерлердин байлыгын өлчөй турган “Блоомберг” индексинде келген маалыматтар боюнча, 2016-жылдын 27-декабрында 4.4 триллион долларга барабар болгон дүйнөдөгү эң бай 500 адамдын байлыгы 2017-жылдын 26-декабрында 5,3триллион долларга жеткен. Күн сайын байлыгына 2,7 миллиард доллар кошулган байлар 2017-жылы мурунку жылга караганда 4 эсеге көбүрөөк кирешеге ээ болушкандыгы айтылууда.
Капиталисттик түзүмдө байлардын мүлкүнө дагы да көбүрөөк байлык кошулуп жаткан бир учурда, башка адамдардын жакырдыгы жана жашоо деңгээлинин төмөндүгү ого бетер күчөп барууда. Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң бай 8 адамдын байлыгы дүйнөнүн жарым калкы болгон 3,6 миллиард адамдын байлыгына барабар экендиги аныкталды.
“Кредит Суиссе” банкынын отчётунда келгендей, капиталисттик түзүмдө дүйнө калкынын эң бай 1 пайызы менен калган 99 пайыз калктын ортосундагы айырма күндөн-күнгө өсүп барууда. Капиталисттик түзүм жалаң гана байларга т.а. капиталисттерге кызмат кылуучу түзүм экендиги тастыкталууда. Себеби, бай элитанын мал-дүйнөсү капитализмдин узак өмүр сүрүшүн камсыздайт.
Башкы кеңсеси Швейцарияда жайгашкан “Кредит Суиссе” эл аралык финансы институту жарыя кылган отчётто келгендей, дүйнөдөгү эң бай 1пайыз адам 2000-жылы дүйнөдөгү калктар байлыгынын 45,5 пайызына ээлик кылган болсо, 2017-жылга келип бул көрсөткүч 50,1 пайызга көтөрүлгөн.