Мехмет Гөрмез: Ар бир момун Халифалыктан жоопкер.

Мехмет Гөрмез: Ар бир момун Халифалыктан жоопкер.

Түркиянын дин иштери боюнча мурунку министри доктор Мехмет Гөрмез Экономикалык жана Социалдык изилдөөлөр борборунун апталык “Шаршемби конференциясында” конок болду. Конференцияда сөзгө чыккан Гөрмез Курани Карим адамдардын жаратылыш маселесин эң чырайылуу таризде ачыктап бергендигин баса белгиледи.

 “Куранда адамдын жаратылышы туурасында абдан көп аяттар бар. Бирок бул аяттардын бардыгы төрт жаратылыш максатына, т.а. ибадат, халифалык, аманат жана жыргалчылык максатына байлап түшүнүшүбүз мүмкүн”, “Ибадат үчүн берилгендик керек. Халифалык амалда болушу үчүн адилеттик зарыл. Аманатты өз ордуна коюш үчүн Халифалык талап кылынат. Жыргалчылык милдетин аткаруу үчүн болсо жихад жана ижтихад талап кылынат. Биз буларды кантип амалга ашырууну Пайгамбарыбыз (соллаллаху алайхи васаллам)дын жашоосунан үйрөнөбүз”, деди Гөрмез.

Ибадат сөзүн жалаң гана таат-ибадат катарында түшүнүү  туура эмес экендигин айткан Гөрмез “Ибадат – бул жашоо таризи, ал адамдардын өз жараттучусун таанып жашоого мүмкүнчүлүк берет. Ибадат – бул инсан өз жашоосун Аллахтын каалосуна карай тартипке салуусу. Жалаң гана таат-ибадат менен алек болуунун өзү жетиштүү эмес”, деп кошумчалады.

О.э. экс министр Халифалык мусулмандардын эң маанилүү милдети экендигин баса белгилеп өттү. Анын айтышынча, Халифалык бүткүл дүйнө жоопкерчилигин мусулмандардын мойнуна жүктөйт.

“Халифалык мусулмандарга дүйнө үстүнөн жоопкерчиликти жүктөйт. Ар бир момун Халифалык үчүн жоопкер. Бул жоопкерчилик адамдардын башкаруу каалосуна байланыштуу эмес. Бул жоопкерчилик Мухаммад Мустафа (соллаллаху алайхи васаллам) алып келген динди бүткүл дүйнөгө алып чыгуу милдети. Халифалыктын милдети Ислам адилетин бүткүл дүйнөгө жайуу. Мухаммад (соллаллаху алайхи васаллам)дын үммөтү болсо, бүткүл дүйнө үстүнөн жоопкер”, деди мурунку министр.

turkistonkg

Recent Posts

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 hours ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

4 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago