Хейли: Эгер согуш чыкса, Түндүк Корея бүтүндөй жок кылынат

Хейли: Эгер согуш чыкса, Түндүк Корея бүтүндөй жок кылынат

Түндүк Корея баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрүшү артынан БУУ Коопсуздук Кеңеши шашылыш жыйын өткөрдү. БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш Пхеняндын ракета сыноосуна “БУУ эмбарголорун бузуу жана эл аралык коомчулукту этибарга албастык” деп баа берди.

БУУ Коопсуздук Кеңешинин шашылыш жыйынында Түндүк Кореянын аракеттерине көңүл бурган АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли:

“ Түндүк Кореянын диктатору кечээ дүйнөнү согуштан алыстатпай эле, ага кайра жакындаткан жолду тандады. Биз Түндүк Корея менен согушууну эч качан көздөгөн эмеспиз, азыр да көздөбөйбүз. Эгер согуш чыга турган болсо, ал биз кечээ көргөндөй агрессиялык аракеттердин уланышынан улам башталат. Эгер согуш болсо – жаңылбагыла, Түндүк Кореянын режими толугу менен жок кылынат”, деди.

О.э. Хейлинин маалымдашынча, АКШ президенти Дональд Трамп Кытай президенти Си Цзиньпинге телефон чалып, Кытайдын Түндүк Кореяга нефтини сатуунун токтотуу убагы келгенин айткан.

АКШ президенти Трамп Кытай президенти Си Цзиньпин менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин, Твиттердеги баракчасы аркылуу, Түндүк Кореяга жаңы санкциялар киргизилишин жарыя кылды.

“Түндүк Кореянын провокациялык аракеттери туурасында Кытай президенти Си Цзиньпин менен сүйлөштүм. Түндүк Кореяга кошумча санкциялар киргизебиз. Бул абалды көрүп чыгабыз”, деп Пхеняндын континенттер аралык баллистикалык ракеталарды сыноосунан кийин экинчи жолу жаңы санкцияларды киргизээрин билдирди.

Хизб ут-Тахрир ушул жылдын 23-апрель күнү төмөндөгү https://kg.turkiston.biz/2017/05/15/amerika-zhana-t-nd-k-koreya-ortosundagy-chy-aluu/ линк аркылуу басып чыгарган “Америка жана Түндүк Корея ортосунда аста-секин күчөп бара жаткан чыңалуу” атту суроо-жоопто АКШ менен Түндүк Корея ортосундагы абалды ачыктап берген эле.

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

3 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

4 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

4 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

4 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

4 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

5 days ago