Тажикстанда аскерий машыгуу учурунда 3 үй зыянга учурады
Шаартуз районундагы полигондогу аткылоодон 3 үй зыянга учурады. Атылган октор бутаны четтеп өтүп, жай тургундардын үйлөрүнө барып тийген. Окуя болгондон бир күн мурда т.а. 11-ноябрда “Харбмайдон” полигонунда ЖККУнун “Майтарылгыс боордоштук – 2017” машыгуулары башталган. Жергиликтүү бийликтин билдиришинче, район тургундарынын эч кимиси жабыркаган эмес. Бул тууралуу “CA-NEWS” кабарлады.
Иттифон айылынын жашоочусу Саида Курбанова октордун бири адатта балдары телевизор көрүп отурчу бөлмөгө келип тийгенин билдирген.
“Бактыга жараша ал күнү айылда электр жарыгы жок эле, ошондуктан балдарым мени менен ашканада жүрүшкөн. Дубалдын, шыптын жана чатырдын ок тийген жерлеринде тешиктер пайда болду”, – деди Саида Курбанова.
Анын күйөөсү Мухиддин Курбановдун билдиришинче, жетип келген аскерлер үйдүн жер төлөсүнөн дагы бир ок табышкан.
Холматов атындагы айылдык кеңештин башчысы Абдурахим Уруновдун билдиришинче, бийлик Курбановдордун үйүнө келтирилген зыянды төлөп берет. Анын айтымында, атайын комиссия ал үйгө жеткен зыянды 2 000 сомони деп баалаган.
Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу боюнча Шаартуз райондук штабынан билдиришкендей, аткылоодон район борборундагы 2 үй зыянга учураган.
Штаб башчысы Саид Боронов үйлөргө тажик-ооган чек арасына жакын жердеги “Харбмайдон” полигонундагы ЖККУнун машыгуусу учурунда ок тийген деп эсептейт.
Тажикстан эгемендүүлүк алгандан бери аскерий машыгуулар учурундагы ок жаңылуулардан 11 жай тургун каза болгон.