Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлери жолугушту

343
0

Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлери жолугушту

2-3-ноябрь күндөрү Ташкент шаарында өтүүчү КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн барган Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков өзбекстандык кесиптеши Абдулла Арипов менен жолугушту.

 “Биз кызматташуунун кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө активдешкенин көрүп жатабыз. Кыргызстан жана Өзбекстан президенттеринин жогорку деңгээлдеги  эки жактуу сапары 25 жыл бою чечилбей келген маселелерди ишке ашырууга тарыхый өбөлгө түздү. Буга эки өлкө башчыларынын жетекчилиги астындагы эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн күч-аракеттери өбөлгө түздү”,- деген Исаков.

Өз кезегинде Абдулла Арипов үстүбүздөгү жылдын 9 айында мамлекеттер ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү 193 миллион АКШ долларын түзгөндүгүн, келечекте ушул көрсөткүчтү жылына 500 миллион АКШ долларына чейин жеткирүү зарылдыгын белгиледи.

 Андан соң тараптар транспорттук коридорлорду, анын ичинде “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун о.э.эки өлкө ишкерлери ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады. О.э. эки өлкө ортосунда түзүлгөн чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топтордун ишмердүүлүгү талкууланды.

Жыйынтыгында тараптар гуманитардык кызматташтык жана эки мамлекетте маданият күндөрүн өткөрүү маселесин карады. О.э. Абдулла Арипов жакынкы арада эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын колдоосу астында Өзбекстанда чектеш облус жетекчилеринин алгачкы жыйынын өткөрүүгө чакырды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here