Путин Батышты кош стандарттуулукта айыптады
Россия президенти Владимир Путин Батышты дагы бир жолу кош стандарттуулукта айыптады. Сочидеги “Валдай” клубунда сөз сүйлөгөн Путин Европанын колдоосу менен бир нече өлкөлөр ыдырап, Косовонун бөлүнүшү жикчилдиктин көбөйүшүнө жол ачкандыгын айтты. Президенттин пикиринде, бул нерсе Каталониядагы абалга дагы алып келди.
Путиндин айтымында, Европа Союзу жана башка бир катар мамлекеттер бир ооздон Каталониянын көз карандысыздыгын сындашты, бирок, алар буга чейин Косовонун бөлүнүшүн жакташкан эле. “Мындай кош стандарттулук Европанын туруктуу өнүгүшү үчүн өтө кооптуу”, – деди РФ президенти. Ал Каталониядагы жагдай Испаниянын ички иши деп эсептейт.
Путиндин билдиришинче, БУУ эл аралык системанын борбору катары калышы керек. Ошону менен бирге, ал уюм акырындык менен реформаланышы керек.
Өткөн аптада Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирүү берип, президент “Валдай клубунда кызыктуу жана маанилүү сөз сүйлөөгө” даярдык көрүп жатканын кабарлаган болчу.
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…