Мамлекет башчылар БУУнун башкы ассамблеясынын 72-сессиясынын ачылышына катышат
Дүйнөдөгү мамлекеттердин жетекчилери БУУнун башкы штабына чогулушууда. Алар БУУнун башкы ассамблеясынын 72-сессиясынын жалпы дебаттарынын ачылышына катышат.
19-сентябрда АКШ президенти Дональд Трамптын сөзгө чыгышы күтүлүүдө. Анын БУУдагы 193 мамлекеттин башчылары катышкан жыйында алгачкы чыгышы болот. Франция президенти Эммануэл Макрон да БУУда мамлекет башчы катары алгачкы жолу сөзгө чыгат.
Бул жолугушууда Россия менен Германиянын тышкы иштер министрлери катышат. Россия президенти Владимир Путин менен Германия канцлери Ангела Меркель аталган сессияга катышпайт. О.э. бул иш чара БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш үчүн да дебют болот. 25-сентябрда аяктай турган башкы ассамблеянын кезектеги жыйынына башкы катчы төрагалык кылат.
БУУнун сессиясына Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да алгачкы жолу катышууда.