Россия аскерлери Өзбекстан тоолорунда тактикалык машыгууларды өткөрөт

324
0

Россия аскерлери Өзбекстан тоолорунда тактикалык машыгууларды өткөрөт

 “Sputnik” сайтынын кабарына ылайык, Россия менен  Өзбекстандын куралдуу күчтөрү 3-7-октябрь күндөрү Өзбекстандын Фориш тоо полигонунда тактикалык машыгууларды өткөрүшөт.

Аскерий машыгуулар учурунда тоолордогу мыйзамсыз куралданган топторду жок кылуу боюнча биргелешкен тактикалык машыгуулар болуп өтөт.

Машыгууларга Россиядан 150гө жакын аскер катышат. О.э. бул машыгуу 2005-жылдан бери эки өлкө ортосундагы алгачкы биргелешкен тактикалык машыгуу болот.

 Маалымат катары айта кетсек, Фориш полигону 2000-жылы Нурутау тоо кыркасынын түндүк тарабында (деңиз деңгээлинен 2169 метр бийиктикте) курулган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here