Индия качкын рохинджаларды депортация кылмакчы

376
0

Индия качкын рохинджаларды депортация кылмакчы

Индиянын ички иштер министри Хансраж Гангарам Ахирдин билдиришинче, өкмөт мамлекетте мыйзамсыз мигрант болуп турган рохинджа мусулмандарына “ишене албайт”, о.э. эл аралык басымга карабастан, аларды депортация кылуу аракетин уланта берет.

Индияда август айынын башынан бери БУУнун каттоосунан өтпөгөн 40 миңдей мусулманды депортация кылуу маселеси талкууланып жатат. Өкмөт жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мамлекетте мыйзамсыз жүргөн бардык чет өлкөлүк жарандарды аныктоо жана депортация кылуу боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырган эле.

Индиянын бул жааттагы пландарын БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зайд Раад ал-Хуссейн каралады. Делинин жообу болсо түшүнүксүз болду. Алгач, ИИМдин башка бир өкүлү Кирен Риджижу шейшемби күнү азырынча рохинджа мусулмандарын депортация кылуу планы жоктугун билдирди. Бирок, ички иштер министри Хансраж Гангарам Ахир кескин билдирүүлөрү менен чыгып, Делинин – каралоолорго карабастан – рохинджа мусулмандарын депортация кылуу боюнча планы бар экендигин тастыктады.

 Хансраж Гангарам Ахир: “Аныктык киргизүүгө мүмкүнчүлүк бергиле, алар индиялыктар эмес, алар – мыйзамсыз мигранттар. Биз аларга ишенбейбиз”, – деди.

Анын айтымында, рохинджалардын террордук уюмдар менен “кандайдыр алкасы” болушу мүмкүн, бирок, ал бийликте бул божомолду тастыктоочу анык маалыматтар бар же жок экендигин ачык айтпады.

Ал:“Аларда террорчулар менен байланыштар болушу мүмкүн, ошондуктан, биз бул тууралуу айтып жатабыз. Биздин оюбузча, алар коркунуч туудурат”, – деди.

О.э. анын айтымында, өкмөт алгач рохинджаларды мамлекетке “аз санда” киргизген, Хансраж Гангарам: “Бирок, эми өкмөт аларды бул жерде калтырбастыкка токтом кылды”. “Аларды бул жерде кармап туруу – улуттун кызыкчылыгына туура келбейт. Өкмөт эч кандай басымга карап отурбайт”, – деди.

Бирок, өкмөттүн планына Индиянын Жогорку соту тоскоолдук кылышы мүмкүн. Учурда Жогорку сотто өкмөттүн рохинджаларды депортация кылуу планы каралууда. Сот өкмөттөн өз позициясын билдирүүнү сурады. Ал эми өкмөттүн бул планды дүйшөмбү күнү ишке ашырары күтүлүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here