Шавкат Мирзиёев 5-6-сентябрь күндөрү Кыргызстанда болот
“Sputnik” сайтынын кабарына таянсак, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу боюнча 2017-жылдын 5-6-сентябрь күндөрү мамлекеттик сапар менен Кыргызстанда болот.
Эки өлкөнүн президенттери жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги маселелери, саясий, соода-экономикалык, транспорт-коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүү жана бекемдөө, чегара маселесин о.э. тараптарды кызыктырган аймактык жана эл аралык проблемаларды талкуулашат.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки өлкө башчысынын ортоктош билдирүүсүнө, кыргыз-өзбек чегарасы боюнча келишимге о.э.эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү туурасындагы бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.