Заңгыраган мейманканада Аракан кыргынын “катуу” каралагандан кийин заңгыраган үйлөрүнө кайтып кетишти

324
0

Заңгыраган мейманканада Аракан кыргынын “катуу” каралагандан кийин заңгыраган үйлөрүнө кайтып кетишти

Ислам үммөтүнүн Аракан кыргынына карата кескин реакциясынан кийин эл аралык уюмдар жана айрым мамлекеттер аракетке келди. Бирок, алар болгону оозеки каралоо, эл аралык уюмдардан жардам суроо жана кошуна мамлекеттерди качкындарды кабыл алууга чакыруу менен чектелишти.

БУУ жана Ислам Кызматташтык Уюмунун жетекчилигинде бир нече Батыш уюмдары Аракан маселесинде жыйын өткөрүү үчүн заңгыраган мейманканага люкс автомобилдери менен келишти. Алар Аракан кыргынын “катуу” каралай тургандыгын айтышып, терең кайгыга баткандыгын билдиришти. Андан соң кайрадан ошол люкс автомобилдери менен заңгыраган үйлөрүнө кайтып кетишти.

Жыйында Ислам Кызматташтык Уюму Араканда мусулмандарга таандык үйлөрдүн өрттөлүшүн “катуу” каралады. Уюмдун жазма билдирүүсүндө аскерлердин тынч жарандарга карата курал колдонушу “катуу” караланды о.э. Бирма бийлигинин “жарандарды коргоо” туурасындагы эл аралык милдеттенмелерди бузуп жаткандыгы айтылды.

Билдирүүдө: “Аймактагы айылдар жана үйлөрдүн көпчүлүгү полиция жана аскерлердин жардамы менен топтор тарабынан системалуу түрдө кулатылды. Мунун натыйжасында миңдеген адамдар аймактан качып чыкты”, – деп айтылат.

Жолугушуудан кийин журналисттерге билдирүү берген Англиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Мэттью Райкрофт да – аталган жыйында залим бутпарастарга каршы бирер чара көрүлбөсө да – өтө пайдалуу жыйын болуп өткөндүгүн айтты.

“Биз Бирмадагы кырдаал себептүү өтө терең кайгыга баттык. Бардык зомбулуктарды катуу каралайбыз, тараптарды ортодогу чыңалууну жумшартууга чакырабыз”, – деди Райкрофт.

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутеррес болсо өзүнүн билдирүүсүндө Араканда өткөрүлгөн “Коопсуздук операциясында” карапайым калктын өлтүрүлүшүнө терең кайгыргандыгын билдирди.

Израиль өрттөнгөндө тезинен өрт өчүрүүчү учактарын ишке салган Түркия бийлиги да Аракандагы зулумду “катуу” каралады. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу жикчил күчтөрдү айыптап, бүт дүйнөнү, айрыкча Ислам дүйнөсүн сүкүт сактабастан, болуп жаткан окуяны каралап турууга чакырды.

“Бул зулумду “катуу”каралайбыз. Бүт дүйнө менен алакадабыз. Региондогу мамлекеттердин мойнуна өтө чоң милдеттер жүктөлүүдө. Биз Түркия, милдетибизди аткарабыз. Ал жердеги (Бирамдагы) тышкы иштер министринин жардамчысы менен байланышып, бул проблеманы түптөн чечүү керектигин жана кандай жардам керек болсо даяр экендигибизди айттык. Болгону, ал жерде жикчил топтор арасында диний жетекчилер бар. Бул жаатта дүйнө жүзү, айрыкча, Ислам дүйнөсү этибардуу болушу керек. Сүкүт сактабайлы жана эскертүүнү токтотпойлу”, деди Чавушоглу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here