5-сентябрдан баштап Өзбекстандын банктарында валюта эркин сатыла баштайт

613
0

5сентябрдан баштап Өзбекстандын банктарында валюта эркин сатыла баштайт

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 2-сентябрда “Валюта саясатын либералдаштыруу боюнча биринчи кезектеги иш-чаралар туурасындагы” ПФ- 5177-буйрукка кол койду.

Буйруктун текстинде келгендей, 2017-2021-жылдарда Өзбекстан республикасын өнүктүрүүнүн негизги 5 багыты боюнча аракеттер стратегиясына ылайык о.э. валютага тиешелүү тартипке салуунун базар механизмдерин киргизүү, мамлекеттин экспорт мүмкүнчүлүгүн көтөрүү, чет элдик инвестицияларды түздөн-түз жана активдүү көрүнүштө тартуу, ички жана тышкы базарларда улуттук өндүрүшчүлөрдүн атаандаштыгын күчөтүү, республикада инвестициялык климатты жана ишкердик чөйрөсүн жакшыртуу максатында кабыл алынууда.

Буйрукка ылайык, 2017жылдын 5-сентябрынан баштап:

Өзбекстан республикасындагы юридикалык тараптар  эл аралык операциялар (товарлар, эмгектер жана кызматтар импорту, пайданы репатриация кылуу, кредиттерди төлөө, сапар чыгымдарын төлөө жана башка соодага тиешелүү болбогон акча которуулар) боюнча чет өлкөлүк валютаны коммерциялык банктардан чектелбеген өлчөмдө сатып алышы мүмкүн.

Өзбекстан республикасындагы жеке тараптар коммерциялык банктардын конверсиондук бөлүмдөрүндө чет өлкөлүк валютаны эркин сатышы жана сатып алышы мүмкүн. Мында орнотулган эрежеге ылайык, сатып алынган каражаттар эл аралык карталарга өткөрүп берилет жана андан чет өлкөдө эч кандай чектөөсүз пайдалануу мүмкүн болот.

Юридикалык тарап болбогон, бирок, чет өлкөдөн товарларды импорт кылуучу жеке ишкерлерге валютаны жеке жактар үчүн орнотулган тартипте сатып алууга уруксат берилет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here