БУУнун баш катчысы АКШнын “оозу” менен сүйлөдү
БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху менен ортоктош маалымат жыйынын өткөрдү. Маалымат жыйынында Гутерреш АКШнын оозу менен сүйлөп, Израиль-Палестина маселесинде АКШнын “Эки мамлекет” чечимин көтөрүп чыкты жана аталган чечимге алып бара турган сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырды.
Куддуста АКШнын “Эки мамлекет” чечимин сунуштаган Гутерреш “Мен ар дайым бир нерсени арзуу кыламын, ал да болсо, бул ыйык жерде толеранттуулукта, тынчтыкта жашоо мүмкүн болгон эки мамлекетти көрүү. Эң маанилүүсү, палестиналыктардын жашоо шартын өнүктүрүү менен бирге “Эки мамлекет” чечимине алып бара турган саясий аракет жараянын баштоо”, – деди.
Израиль-Палестина тынчтыгы алдында көптөгөн проблемалар бар экендигин билдирген Гутерреш: “Бул проблемалардын бири яхудий калктуу пункттары т.а. Газа жана Батыш Жээк ортосундагы айырмачылык. Албетте, террордук окуялар да ушул проблемалардын бири. Бул кыйынчылыктарды жеңүү үчүн тынчтык талабын күчтүү көрүнүштө ортого коюшубуз керек”, – деди.
Гутеррештин айтымында, Израил экономикалык жактан өзүн тикелеп алган. Палестиналыктарга да жашоо шартын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү берилиши керек.
Ал:“Израиль экономикалык өнүгүүнүн чокусуна чыкты. А бирок, палестиналыктардын да жакшыраак экономикалык шартта жашоосун көрсөк жакшы болмок”, – деди.
Ал эми Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху мыйзамдуу орношуп алган яхудий калктуу пункттарын Батыш Жээктен алып таштооого жол бербестигин билдирди. Бул тууралуу Нетаняху кечээ Батыш Жээктеги яхудий калктуу пункттардын курулушу башталгандыгынын 50 жылдыгына байланыштуу сүйлөгөн сөзүндө айтып өттү.
Нетаняху: “Израилдин Яхудо жана Самарияга чейин (Батыш Жээкке чейин) созулган калктуу пункттарын алып таштоого эч качан жол бербеймин”,“Яхудий калктуу пункттарын алып таштоонун тынчтык келишимине тиешеси жок. Бул жерлерди мындан кийин да стратегиялык мааниге ээ мүлкүбүз катары коргой беребиз”, – деди.