Индия бийлиги он миңдеген рохинджа мусулмандарын депортация кылмакчы
Индия бийлиги жума күнү Мьянма жана Бангладеш тарап менен 40 000 адамдан турган рохинджа мусулмандарын депортация кылуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады.
Өткөн кылымдын 90-жылдарында миңдеген рохинджа мусулмандары калкынын негизги бөлүгү буддисттерден турган Мьянмадагы кысымдардан качып Бангладешке, андан тышкары Индия чегараларын кесип өтүп, мамлекеттин батыш аймактарына келип орношкон. Расмий Нью-Делинин маалыматына таянсак, 14 000 качкын расмий түрдө БУУнун качкындар агенттигинин каттоосунан өткөн.
“Бул проблема өкмөттүк деңгээлдеги дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечилиши мүмкүн”, – деди Индиянын ички иштер министрлигинин өкүлү Дхатвалиа.
Өткөн жылдын 9-октябрында “Харакахал-Якин” уюму Мьянманын чегара постторуна чабуул кылды деген шылтоо менен рохинджа мусулмандарын массалык кыргын кылуу жана куугунтуктоо башталган эле. Ошондон бери 75 000дей рохинджа мусулмандары Бангладешке көчүп келген. Учурда 1,3 миллиард калкы бар Индия өлкөсүндө да жумушсуздук, жакырчылыкка кошумча түрдө этникалык жана диний кагышуулар мусулман жамааттардын айласын кетирүүдө.
Учурда рохинджа мусулмандарынын көпчүлүгү Уттар Прадеште, Жаммуда, Харянада жана Делинин түндүгүндө жашап келишет.
Туркистон:
Мьянма бутпарастары Аракан провинциясында жашаган мусулмандарды ар түрдүү ыкмалар менен өлтүрүү, үй-жайын өрттөө, балдарын аянычтуу көрүнүштө кыйноо, кыз-келиндерин зордуктоо сыяктуу кылмыштарын улантышууда. Ушул кезге чейин кыргындарды ишке ашыруу катардагы бутпараст калкка коюп берилген болсо, эми аталган кылмыштар өкмөт башчылыгындагы армиянын колу менен ишке ашырылууда. Мамлекет армияны аракандыктар жашаган жерлерге жөнөткөн.
Ушунча кыргындар жана кол салуулар жүз беришине карабастан, дүйнөлүк коомчулук жана БУУ кээ-кээде алыстан бир карап коюуга адаттанып калган. Бирок, ошондо да болгону тынчсыздануу билдирип коюу менен гана чектелет. Эл аралык коомчулуктун бул жаатта көздөрү сокур, кулактары дүлөй болуп калган. Ислам өлкөлөрүндөгү жетекчилер тууралуу сөз кылуунун да кереги жок. Бутпарастар мусулмандарды ороктор жана таяктар менен өлтүрүп жаткан бир мезгилде, заманбап куралдарга ээ болгон мусулмандар армиясы аларга каршы, жок эле дегенде бир ок атып коюуга жарабай жатат.
Мындай абал качанкыга чейин уланат?