Макрон: Америкасыз авиа сокку берүүгө даярбыз
Франция президенти Эммануэл Макрон, Сирия президенти Башар Асаддын бийликтен четтетилиши эми Сириядагы кризистин чечимин издөөдөгү маанилүү вазыйпа эместигин билдирди. Анын пикиринде, террорчулукка каршы күрөшкө маани берүү зарыл.
Макрон 21-июнда Европа маалымат каражаттарына берген интервьюда, “Мен Асаддын четтетилишин алгачкы шарт катары билбейм. Себеби, анын мыйзамдуу мураскору катары эч кимди көрбөдүм”,- деп айтты.
Макрон террордук тайпаларга каршы күрөш маанилүү вазыйпа болгондуктан, Сирия үчүн жаңы план түзүүгө чакырды. “Алар биздин душмандар”, деп белгилеп өткөн Франция президенти, террорго каршы күрөш ийгиликтүү болушу үчүн “бардык тараптар, айрыкча Россиянын кызматташуусу” талап кылынаарын билдирди.
Макрон химиялык курал колдонуу ал үчүн “кызыл сызык” эсептелерин жана мындай абалда Франция ишке киришип, “америкалыктардын жардамысыз” да авиа соккуларды берүүгө даяр экенин айтты.
“Химиялык курал колдонулганы далилденсе, биз анын келип чыгышын билсек, Франция аныкталган кампаларды жок кылуу үчүн авиа сокку менен жооп берет”,- деп билдирди Макрон.