Путин: Россия Халифалыкка айланышына жол бербейм
Россия президенти Владимир Путин Вашингтонду Халифалык коркунучунан эскертип жатып, расмий Москва мындай болушуна эч качан жол бербей турганын билдирди.
“Россия Түштүк Европадан Орто Азияга чейин халифалык түзүүнү жарыялаган “ИШИМдин” кийинки кол салууларына жол бериши мүмкүн эмес”,- деди Путин америкалык режиссёр Оливер Стоундун “Путин менен интервью” деп аталган документалдуу фильминде.
Анын ырасташынча, “ИШИМ” катарында 80 миңден ашык согушкер болуп, алардын 30 миңден ашыгы дүйнөнүн түрдүү мамлекеттери, анын ичинде, Россиядан барган согушкерлерден турат. Террорчулар бүгүн күчтүү. Себеби, алар казып алына турган нефтинин чоң бөлүгүн көзөмөлдөп турушат.
“Билесизби, кайсы бир асмандан түшкөн дин жамандыктын булагы болушу мүмкүн эмес. Исламда да көптөгөн агым жана багыттар бар. Алардын эки негизгиси, шиалар менен суннийлер. Биз алардын арасында карама-каршылык бар экенин көрүп турабыз. Менимче, качандыр бир убакта бул нерсе жок кылынышы керек”,- деди Путин.
Ал Москва Россиянын Халифалыкка айланып кетишине жол бербей турганын кошумчалап, “Биз албетте буга жол бербейбиз. Карагыла, Вашингтон халифалыкка айланып кетпесин”,- деди.
Туркистон:
Сирия бойлоп башталган ыңкылапта, Асад да кудум Путиндин сөздөрүнө окшош сөздөрдү айткан. Ал,“Эй дүйнө калкы күбө болгула, Сириядагы козголоңдор Исламий Халифалыкка карай баратат” деген.
Бирок, Асаддын бул кыйкырыгы акыйкатка абдан жакын жана ал айткан исламий ойгонуу ушул күнгө чейин уланып келе жатат. Бул исламий ыңкылап, дүйнөлүк куфр системасы менен аскерий кубаттын убактылуу каршылыгы астында кармалып турат.
А бирок, Путиндин айтканы орунсуз жана жалпысынан башка кызыкчылык үчүн айтылган билдирүү. Путин, Россия саясатын да экономикасын да ойрон кылды. 12-июндагы Путиндин режимине каршы көтөрүлгөн митингдер, Путинди дабдыратып жиберди. Ал, калкынын талаптарына, а түгүл раддия да билдире албай калды. Россиядагы абал жана калктын козголоңу Путин үчүн ушунчалык кооптуу болуп калды дейсиң, орус калкы койгон талаптары менен өздөрүн ачык түстө күч органдарына тапшырып жиберишти. Тагыраагы, калк Путинден кутулуу үчүн курмандык берүүгө да даяр экенин көрсөтүп койду. Бирок, бул козголоңдордун Ислам жана мусулмандарга эч кандай алакасы жок! Бул, бир куфр системасы ичиндеги эки тараптын бийлик жана режим талашуу күрөшү. Путин алгач, бул көтөрүлүштөрдө АКШнын колу бар экенин айтты. Андан соң, Батыш сакафатынын таасири жана кесепетинен келип чыгып аткан, Россияны бөлүп жиберүү үчүн болгон аракет деген күмөндү алга сүрдү. Эми болсо, бир гана Ислам жана мусулмандардан коркунуч келүүдө деп, мусулмандарга каршы репрессиясын дагы да күчөтмөкчү. Ушунча исламий жерлер туруп, куфр дияры болгон Россияда Халифалык тикелениши, акылы бар адамды ишендириши кыйын.
Путиндин “ИШИМ” уюмун шылтоо кылып, дагы бир катар жардыруу сыяктуу ырайымсыз иштерди уюштуруу ниети бар экени көрүнүп турат. Бул кылмыштарын кайрадан исламий күчтөргө төңкөрүп коюуну көздөп жатат. Себеби, Навальный баш болгон Путинге каршы көтөрүлүшчүлөр тарабынан эч бир жерде өкмөт органдарына каршы агрессивдүү иш-аракет күзөтүлбөдү. Алар эч кандай провокацияга жол беришпеди. Путин, миңдеген көтөрүлүшчүлөрдү камап жибергени менен бүткүл дүйнө алдында шерменде болду. Ошондуктан, ал кайрадан мусулмандар атынан кооп-коркунуч жаратуу менен Навальныйдын тарапташтарынын жүрүштөрүнө тосук коймокчу!