Сирия маселесинде дагы бир жыйын өткөрүлдү

364
0

Сирия маселесинде дагы бир жыйын өткөрүлдү

Өнөржайы өнүккөн G7 мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери жана Европа Союзунун өкүлү Италияда жыйын өткөрдү. Жыйынга АКШ, Британия, Германия, Франция, Япония, Канаданын тышкы иштер министрлери жана Европа Союзунун тышкы иштер жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү катышты.

Эки күнгө созулган жыйында терроризмге каршы күрөшүү, тартипсиз миграция кризиси, ИШИМдин Сирия жана Ирактан чыгарылышы о.э. Сирия маселеси талкууланды.Түркиянын тышкы иштер министри Мевлюд Чавушоглу о.э. Саудиянын, Катардын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Иорданиянын тышкы иштер министрлери да Сирия боюнча жыйынга чакырылышты. Италиянын тышкы иштер министри Анджелино Альфанонун билдиришинче, Сирия маселеси боюнча уюштурулган жыйын өтө пайдалуу болду.

О.э. тышкы иштер министрлери Британиянын Россияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү сунушун да талкуулашкан. Италиянын каршылыгы себептүү G7 жыйынына катышкан министрлер Россияга санкцияларды колдонуу боюнча бир чечимге келише алышпады. Италиянын тышкы иштер министри Альфано, Асад режими ок атууну токтотуу эрежесине моюн сунушу үчүн Путин ага басым өткөрүшү керектигин билдирди.

“Сирия маселеси аскерий жол менен чечилбейт. Бардык тараптар саясий чечим үчүн аракет кылышы керек. Путин өтө маанилүү рол ойношу мүмкүн. Россия четте калбашы керек. Аны менен диалогго кирүү керек. G7 да Россияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү маселесин көтөрбөйт. Мунун акысына Путин Асадга болгон таасири жардамында тынчтык келишимин ишке ашырууну камсыздашы керек”, – деди Италиянын тышкы иштер министри.

О.э. Сирия маселеси боюнча терең пикирлөө о.э. жаңы конституция жана демократиялык шайлоолорго үгүттөө зырал экендигин да айтып өттү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here