Путин: КМШ мамлекеттери террордук чабуулдар үчүн негизги бута

404
0

Путин: КМШ мамлекеттери террордук чабуулдар үчүн негизги бута

РФ президенти Путин 5-апрелде Москвада КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук мекемелери жана разведка кызматтарынын башчылары менен болгон жолугушуусунда, бүгүнкү күндө террорчулар чабуулу бардык КМШ мамлекеттерине коркунуч туудуруп жатканын билдирди. Ал эл аралык терроризм жана экстремизмге каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн атайын кызматтар тыгыз алкада болушу зарыл экендигин айтып өткөн.

“Көрүп турганыбыздай, кырдаал жакшы жакка өзгөрбөй жатат.   Жакында Санкт-Петербургда жүз берген окуялар муну тастыктап турат. Террорчунун чабуулу натыйжасында бир нече адам өлүп, көптөгөн адамдар жараат алышты”, – деди Владимир Путин .

Путиндин билдиришинче, КМШ мамлекеттерине террорчулуктан башка дагы бир нече коркунучтар бар. Алардын арасында уюшкан кылмыштуулук, наркотрафик, коррупция жана мамлекеттердин ички саясатына тышкарыдан аралашуу сыяктуу коркунучтар бар.

Владимир Путин бүгүнкү күндө КМШ мамлекеттеринин коопсуздук кызматтары ортосунда өтө жакшы кызматташтык алакалары орнотулгандыгын билдирген.

Туркистон: 

Путин Орто Азия мамлекеттерине “жебеген самсага пул төлөтмөкчү” болууда. Ал Россияны эл аралык саясий аренадагы кулап бара жаткан абалынан сактап калуу үчүн, Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан сыяктуу кол астындагы мамлекеттерге басым өткөрүү менен, алардан Батыш дүйнөсүнө каршы глобалдык каршылык фронтун түзүп алмакчы. Ал үчүн коопсуздук тармаындагы координациялык алкалар күчөтүлүшү керек, же ал мамлекеттердин коопсуздук түзүмдөрү Россиянын ФСБсынын таасири алдында иш алып барууга ыраазы болушу керек. Т.а. Питерде башталган террордук операциялар, бүтүндөй коалициялык фронт бойлоп уланышы керек. Россия Орто Азиялык мигранттарды электен өткөрүп жатканда, ошол мамлекеттердин коопсуздук күчтөрү да кызматташтыкта исламий кооп-коркунучтарга каршы күрөш деген аталышта аракеттерин күчөтүп барышы керек. Ал үчүн ушул уюмдагы мамлекеттердин коопсуздук кызматтары да, өз жарандарын исламий кыймылдардын өкүлдөрүнөн кооптоно турган кылып алышы керек болот. Т.а. алар да бир катар террордук операцияларды уюштуруп, маалыматтык чабуулдар аркылуу Россия сыяктуу жалган кабарларды таратып, элдерди бузук мухитке ишендирүүгө аракет кылышы керек.

Путин бул мамлекеттердин башчыларын “Болбосо, Батыш сакафаты бастырып кирип, региондо түстүү революция уюштурат” деп ишнедирмекчи болууда. Түпкүлүгүндө, Батыш же башка бастырып кирип келе жаткан сакафатка, өз сакафатынын негизи болгон идеологиялык күрөш негизинде каршылык көрсөтүшү керек эле. Путин өзүнүн режимин сактап калуу үчүн гана кайгырууда! Өзүн жана байлыгын сактап калуу үчүн, биз тараптан жана биздин колубуз менен өз жарандарыбызды жардырууну талап кылууда. Бүтүндөй регионду, же ал тургай Россиянын өзүн да эмес!

Биз буга чейинки божомолдорубузда, кырдаалга карай Путин Россия бойлоп бир катар террордук операцияларды уюштурушу жөнүндө айтып келгенбиз. Биз бир аз адашкан окшойбуз. Путин бул жолу Россия, Казакстан жана Орто Азия бойлоп жардыруу иштерин пландаштырып жаткандай. Ал “региондо коопсуздук кызматташтыгы негизги зарылдык болуп калды” деп, бардык коопсуздук түзүмдөрүн өз таасири астына алмакчы.

Путин бул максатына жетишүү үчүн ушул мамлекеттердин ички иштерине ачык жана түздөн-түз аралашуусу керек болот. Буга жетишүү оңой эмес. Демек, булардын мындан кийинки аракеттери ушул максатты жүзөгө чыгаруу үчүн чөйрө даярдоого каратылат. Т.а. кырдаалды чалкештирип жиберүү, террордук кооп-коркунучтарды пайда кыла берүү менен жарандарын коркууда кармап туруу жана бир катар террордук операцияларды уюштуруу. Путин Орто Азиядагы  өлкө башчыларын“бир гана ушул жол менен өзүбүздү Батыштын сакафий жүрүшүнөн сактап калабыз” деп ишендирмекчи болууда. Ал өзүнө гана келе жаткан коркунучту, “бардыгыбыз үчүн кооптуу абал” деп жар салууда. Антпесе, мигранттарды кайтарып баштаймын, ошондо силер жумушсуздар колониясына айланып каласыңар деп тымызын коркутууда. Ошого карабастан, Путиндин дүйнөлүк саясаттагы жана ички саясаттагы абалы жакшы эмес.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here