Лавров: Сирия маселесинде АКШ менен кызматташтыкты улантууга токтом кылдык

360
0

Лавров: Сирия маселесинде АКШ менен кызматташтыкты улантууга токтом кылдык

РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров жана анын америкалык кесиптеши Рекс Тиллерсон Москвадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин маалымат жыйынын уюштурду. Сергей Лавров Сирияда колдонулган химиялык чабуул боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүгө чакырды.

Лавровдун айтымында, АКШ Идлибдеги химиялык чабуул боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүнү колдоп-кубаттай тургандыгы Россияга белгилүү. О.э. Лавров жүз берген айрым проблемаларга карабастан, кызматташтыктан үмүтү бар экендигин билдирип, Россия АКШ менен ар тармакта кызматташууга даяр экендигин баса белгиледи.

“Биздин АКШ менен мамилебизди бузмакчы болуп жаткандар бар. Идлиб шаарындагы химиялык чабуул боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүнү талап кылабыз. АКШ менен Сирия маселесинде кызматташтыкты улантууга токтом кылдык. Сирияда авиациялык тармак боюнча келишим жаңыдан түзүлөт”, – деди Лавров.

АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон болсо Асад режими элүү жерде хлор бомбасы жана түрдүү химиялык куралдарды колдонгондугу тууралуу сөз кылып: “Идлибдеги химиялык чабуулду Асад режими уюштургандыгына толук ишенебиз”, – деди.

АКШ коргоо министри Жеймс Мэттис да Сирия режими Идлиб шаарында уюштурган химиялык чабуул тууралуу: “Химиялык чабуулга режим жоопкер экендигинен эч кандай шек-күмөнүбүз жок”, – деди. Ошону менен бирге Американын Сириядагы негизги маселеси өзгөрбөгөндүгүн жана ИШИМди жок кылуу АКШнын эң маанилүү маселеси бойдон кала тургандыгын баса белгилеп: “АКШнын Сириядагы аскерий саясаты өзгөргөн жок”, – деди.

Туркистон:

Россия улуу мамлекеттердин катарында турса да, бирок Жакын Чыгыш регионунда өзү каалагандай иш кылуу укугуна ээ эмес. Ушуга ылайык, Россия ал жерлерде өзү түзгөн план негизинде иш кыла албайт. Анын ал жерлерде кыла турган бирден-бир иши түзүлгөн келишимдин алкагында Америкага кызмат кылуу.

Ошондуктан, ИШИМге (ИГИШ) каршы күрөшүп жаткандыгын дааба кылып жаткан Россия Иракта эч кандай аракет кылып жаткан жок. Акыйкатта болсо ири өлчөмдөгү нефти, газ жана башка ресурстарга бай болгон Иракта да ИШИМдин бир топ таасири бар. Мына ушундан көрүнүп тургандай, Россия бул региондордо АКШнын уруксаты жана көрсөтмөсү аркылуу гана иш кылат. Россия бул жаатта Америкага бир аз болсо да таасир өткөрө албайт.

О.э. Россия Сирияда да өз алдынча саясат жүргүзө албайт. Ал өзүнө тапшырылган милдетти гана ишке ашырууда. Т.а. орус бийлиги саясий сокурдугу себептүү АКШнын Сирияда өзү аткара албай турган иштерин аткарып берүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here