Өзбекстан сенаты Россия менен аскерий-техникалык кызматташтык келишимин тастыктады

Өзбекстан сенаты Россия менен аскерий-техникалык кызматташтык келишимин тастыктады

 “Sputnik” сайтынын кабарына таянсак, Өзбекстан сенаты Россия менен аскерий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү туурасындагы келишимди тастыктаган.

“Россия Федерациясы Өзбекстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири болгон жана мындан кийин да ушундай болуп калат. Айрыкча, аскерий-техникалык кызматташтык тармагында бизде көптөгөн туташ чекиттер жана жалпы кызыкчылыктар бар”, – деди  Өзбекстан коргоо министрлигинин өкүлү Икболжан Мирзоалиев.

Анын айтымында, келишим Россиядан Өзбекстанга аскерий техника жеткирип берүү жараянын жеңилдетет. Айрыкча, Өзбекстан учурдагы ортомчулар кызматынан баш тартуу жана курал-жаракты мүмкүн болушунча төмөн баада сатып алуу укугуна ээ болот.

Сенаторлор ушул келишимди бир добуштан тастыкташкан. Эми келишим күчүнө кириши үчүн ага президент Шавкат Мирзиёев кол коюшу керек.

Эскерте кетсек, Өзбекстан менен Россия ортосунда аскерий-техникалык кызматташтык келишим 2016-жылдын ноябр айында түзүлгөн эле. Келишим күчүнө киришинин акыркы баскычы т.а. Россия жана Өзбекстан ратификация грамоталарын алмашуусу 2017-жылдын апрель айында, Мирзиёевдин Москвага пландаштырылып жаткан сапары учурунда ишке ашырылышы керек.

Келишимдин негизги максаты – аскерий-техникалык тармакта кызматташтыкты өнүктүрүү, Өзбекстан армиясын заманбап техника менен камсыздоо, тараптардын коргонуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүү, адистерди даярдоо жана консультацияларды өткөрүү. Келишимди ишке ашыруу Россия аскерий-техникалык кызматташтык кеңеши жана Өзбекстан коргоо министрлигине жүктөлдү.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

10 hours ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

14 hours ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

4 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago