Намаз же жумуш
“CA-NEWS” сайтынын кабарына таянсак, Түркмөнстанда аскер түзүмдөрүндө жана мамлекеттик мекемелерде намаз окуган кызматкерлерди жумуштан кетирүү көбөйгөн.
Коопсуздук себептүү атын атагысы келбеген мурдагы аскер кызматкеринин билдиришинче, ал намазды таштоо талабын четке каккандыгы үчүн жумуштан кетирилген. Анын айтымында, алгач жумушта намаз окубастыкты талап кылышкан. Кийин үйүндө тинтүү жүргүзүп, Куран китебин алып кетишкен.
Болуп өткөн иштерге карабастан намаз окууну уланта берген соң, аны Коргоо минисрлигине чакыртышкан. Аны түшүнүк кат жана жумуштан кетүү тууралуу арыз жазууга мажбурлап, жумуштан кетиришкен. Андан тышкары, министрлик тарабынан берилген кызматтык батирди бошотуп коюуну талап кылышкан.
Туркистон:
Түркмөнстандын мурдагы президенти, маркум Сапармурад Ниязовдун калемине таандык “Рухнаме” китеби жарык көргөндөн кийин маалымат каражаттары “Түркмөнбашыны” пайгамбар деп атай баштаганына түркмөнстандык диний аалым Хожаахмад Оразклычев “бул нерсе мусулмандар ишенимине тескери” экендигин айтып чыккандан кийин, Ислам динине каршы күрөш башталган. Аалымдын ошол сөздөрүнөн кийин түркмөн бийлиги Оразклычевдин котормосунда түркмөн тилинде басылып чыккан 40 миң нуска Куран китебин өрттөөгө буйрук берген. Ошону менен чектелбеген расмий бийлик Ашхабаддагы мечиттердин тең жарымын бузуп таштады жана динине бекем турган мусулмандарды ар түрдүү айыптар менен камакка ала баштады.
Түркмөнбашыдан кийин бийликке келген Гурбангулы Бердимухаммедов Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштү ого бетер күчөттү. Ал аалымдар жана мечиттерге эле эмес, жалпы коомдогу исламий көрүнүштөргө каршы күрөштү баштап берди. Күч түзүмүнүн кызматкерлери бийликтин буйругу менен Дашогуз облусунда сакал койгон мусулмандарга каршы “аңчылык” баштап жиберишти. Улуттук коопсуздук башкармалыгы жана жол полициясынын кызматкерлери 50 жашка чыга элек сакалы бар мусулмандарды кармап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, андан соң сакалын мажбурлап алып ташташты жана аларды арак ичип, чочконун этин жегенге мажбурлашты. Күч түзүмдөрүнүн буйругун аткарбаган мусулмандар болсо эч кандай сот же тергөөсүз эле 7-8 жылга эркинен ажыратылышты. Мунун натыйжасында залим режимдин абактары мусулмандарга толуп кетти.
Укук коргоочулардын маалыматына ылайык, күчөтүлгөн режимдеги “Овадон Тепа” түрмөсүнүн өзүндө эле 300 гө жакын диний туткун бар. Аларга жакындары менен жолугушууга жана тышкарыдан бир нерсе алып кирүүгө тыюу салынган.
Аллахка каршы кылган ушунча кылмыштары жетишпегендей, расмий бийлик эми намаз окуган мусулмандарга каршы күрөшө баштады.