Трамп: Карызыңды төлөп кой
АКШ президенти Дональд Трамп Германия канцлери Ангела Меркель менен Ак үйдө жолугушкандан бир күндөн кийин, өзүнүн твиттер баракчасы аркылуу Германия АКШ менен НАТОдон чоң өлчөмдө карыз экендигин билдирди.
Трамп өзүнүн твиттер баракчасында: “Германия НАТО жана Америкага чоң өлчөмдө акча төлөөгө милдетүү. Себеби, НАТО жана АКШ аны күчтүү жана пландуу түрдө коргоп келе жатат”, – деп жазды.
Трамп Меркель менен жолугушкандан кийин уюштурулган ортоктош маалымат жыйынында да журналисттерге интервью берип, маек учурунда коргоого кетүүчү чыгымдарды көбөйтүү талабын бир нече жолу кайталагандыгын билдирип: “НАТОну колдоп-кубатташымды жана ошол эле учурда союздаштарыбыз коргонууга кеткен каражаттарды төлөшү керектигин Меркелге дагы бир жолу эскерттим”, – деген эле.
Бирок, Германиянын коргоо министри Урсула фон дер Ляйен АКШ президентинин карыз тууралуу сөзүнө жооп берип, Германиянын АКШ жана НАТОдон эч кандай карызы жоктугун билдирди.
Германиянын коргоо министри: “Биз НАТОдон карыз эмеспиз. Коргонууга кетүүчү каражаттарыбыз учурда БУУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү миссиясына жана Европа миссияларына о.э. ИШИМге каршы күрөшкө да жумшалууда”, – деди.