Өзбекстандын активдешүүсү Казакстандын тынчын алды

445
0

Өзбекстандын активдешүүсү Казакстандын тынчын алды

 “Независимая газета”нын жазышынча, көпкө созулган тыныгуудан кийин Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкынын президенти Сума Чакрабарти башчылыгындагы делегациянын Өзбекстанга келиши кошуна Казакстандын тынчын алган.

Казакстандын экономика министри Тимур Сулейманов Алма-Атада өтүп жаткан CFO Summit 2017 саммитинде сүйлөгөн сөзүндө, “Өзбекстандын регионалдык позициялары бекемделиши Борбор Азия регионундагы экономикалык жетекчинин өзгөрүшүнө алып барышы о.э. инвестициялар жана базарлар үчүн атаандаштыкты күчөтүшү мүмкүн” экендигин айтып өткөн.

Министр Казакстанга коркунуч туудуруп жаткан тышкы чакырыктар тууралуу сөз кылып, “ойгонуп жаткан жана эркин болуп бара жаткан Өзбекстанга” көңүлдү бурду. Ал Өзбекстанды өтө чоң амбициялар жана мүмкүнчүлүктөргө ээ мамлекет деп атады.

“Өзбекстандын күчөшү биз үчүн белгилүү бир чакырык болот. Биз объективдүү көрүнүштө Казакстан региондогу гегемондук мамлекет деп ойлоого адаттанып калганбыз. Эми бул нерсе өзгөрүшү мүмкүн, мен экономикалык жактан гегемондукту назарда тутуп жатам. Инвестициялар, базарлар үчүн атаандаштык күчөшү мүмкүн. Бул нерсе биз жакынкы келечекте жооп беришибиз керек болгон чакырыктардын бири”,- деген Сулейманов.

Сулейманов тышкы чакырыктар катары Кытай менен АКШ ортосунда жүз берип жаткан соода тармагындагы келишпестикти айтып өттү. Ал АКШнын саясаты алдын ала айтуу мүмкүн болбогон абалга түшүп бара жатканын жана бул нерсе Казакстан экономикасына коркунуч туудурушу мүмкүн экендигин баса белгиледи.

Сулейманов сөзүнүн аягында: “АКШнын экономикасы жана саясий таасири үлкөн экендигин эсепке алсак, бул нерсе жаңы реалдуулукка айланышы мүмкүн. Протекционизм, кандайдыр келишүүлөрдөн баш тартуу, миграция саясатынын башка тараптарындагы изоляционизм трендге айланышы мүмкүн. Себеби, Америка тренддерди пайда кылуучу мамлекет”,- деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here