КЫРГЫЗСТАНДА ТҮЗҮЛГӨН КЫРДААЛ ТУУРАЛУУ

381
0

КЫРГЫЗСТАНДА ТҮЗҮЛГӨН КЫРДААЛ ТУУРАЛУУ

Эл аралык жактан алганда, Кыргызстанга түз жана кыйыр түрдө таасир этип жаткан тараптар төртөө: Россия, АКШ, Европа Союзу, Кытай.

РОССИЯ Кыргызстанга өз ээлиги катары карайт. Аны ар дайым көз каранды абалда кармап тургусу келет. Ошондуктан, КМШ, ЖККУ, ШКУ, ЕАЭБ уюумдары алкагында кармап турат. Бирок, саясий жана экономикалык алсыздыгы себептүү, Кыргызстанга АКШ жана Кытайдын кирип келишине катуу тоскоолдук кыла албай жатат. Анын Кыргызстанга карата саясаты “аюу чеңгели” ыкмасына таянган. Россиянын өзү белгилүү бир идеологияны карманбагандыктан, Кыргызстанда ага идеологиялык негизде малайлык кыла турган кадрлары жок. Ким бийликке келбесин, Россия бийлиги ага карата мажбурлап малай кылуу ыкмасын ишке салат. Президент Путиндин Кыргызстанга болгон иш сапары да ушуну айгинелеп турат. Ал расмиятчылык үчүн гана, алда качан эле чечилген маселелерди кайрадан карамыш этти. А парда артында болсо, Кыргызстандагы кырдаал талкууланды. Путин жалпысынан АКШ кадрларынын бийликке келишине каршылык билдирди. А Атамбаевдин бийлиги менен башка саясатчылар ортосундагы күрөштү өздөрүнө калтырды. Башкача айтканда, “бириң кайың, бириң тал; бириң өлүп, бириң кал” кыязын көрсөттү. Муну менен, кимиси болбосун мажбурлап малай кылып аларын бардыгына эскертип кетти.
Башкача айтканда, кыргыз саясатчылары регионализмди ишке салабы, улутчулдукту ишке салабы, же башка жолдор менен туруксуздуктар жаратабы – колунан келгенин кылып, кимдер бийликке келсе, АКШга малай болбошу шарты менен – аларды малай кылып кабыл аларын уктуруп кетти. Негизи, мындай туруксуздуктар Россиянын эл аралык абалдагы позициясына оор сокку болот, бирок, Россия бийлигинин текебердиги анын мындай кооп-коркунучту көрүшүнө парда болуп жатат. Кыргызстанда канчалык туруксуздук болсо, Россияга ошончолук көз каранды болот деген ой үстөм келүүдө.

АКШнын Кыргызстандагы таасири Россияныкындай нуфуздуу эмес. Бирок, ал айрым малай кадрлары, маалымат каражаттары, бейөкмөт уюумдар сыяктуу “колу-буттары” менен таасир этүүдө. АКШнын Кыргызстанга карата саясаты – анын Россия жана Кытайга каратылган стратегиялык саясаты – алкагында жүрөт. АКШнын Россияга карата стратегиясы: анын колонияларын тартып алып, аны чакан мамлекетке айландыруу. Ал эми, Кытайга карата стратегиясы: аны өз ийининде кармап, сыртка кеңейишине жол бербөө. Учурда АКШ үчүн, Россияга караганда Кытайдын атаандаштык коркунучу күчтүүрөөк. Ошондуктан, Кытайга карата карманган стратегиясына артыкчылык берип, анын кеңейишине каршы Россияны пайдаланмакчы болууда. Ошондуктан, Кыргызстандагы Россия таасирине – Грузияда болгонундай – олуттуу сокку урмакчы эмес. Азыр АКШ Кыргызстандагы кырдаалга таасир этүүдө бүткүл мүмкүнчүлүгүн жумшаган жок. Негизинен, жергиликтүү малайларын гана ишке салып жатат. Анын өз кадрларына карата жардамы тараза ташынын оошуна карай болот.

ЕВРОПА Союузунун Кыргызстанда түздөн-түз кызыкчылыгы жок. Анын кызыкчылыгы кыйыр түрдө. Россия Европа үчүн үлкөн коркунуч. Ошондуктан, Россиянын алсыздануусу анын арзуусу болуп саналат. Ушундан улам, АКШнын Орто Азияда алып барган “Россия таасирин сүрүп чыгаруу” саясатын Европа кош колдоп кубаттайт. Анын Кыргызстанга карата кылып жаткан иш-аракеттери ушунун алкагында жүрөт.

КЫТАЙ өзүнө каратылган АКШ стратегиясын абдан жакшы түшүнөт. Ошондуктан, азыр анын Россия “үлүштөрүнө” карай кеңейүүгө ачык кадам таштоосу күтүлбөйт. Бирок, ал тымызын, экономикалык тармак аркылуу кеңейүүгө кадам таштап келет. Демек, ал азырынча Кыргызстандын ички саясатына кийлигишүүдөн карманат.

Жергиликтүү абалдан алып каралганда, Кыргызстандагы саясий кыйын кырдаалдын түзүлүшүнө “Атамбаев-Текебаев күрөшү” шарт жаратып берүүдө.
АТАМБАЕВ – эл аралык абалдан алып караганда – Кыргызстан үчүн Россиянын этегин кармоодон башка арга жок деп билет. Ички саясат жаатында болсо, ал өзүнө мураскер кылып бир адамды таштамакчы эмес, балким, жаңы бир саясий чөйрө жаратып, аны кызматта туруп же парда артынан өзү башкармакчы (бирок, мында “жылкысына карап ышкырбай жатат”). Кыргызстан “эгемендүүлүк” алгандан бери, өлкөдө туруктуу саясий чөйрө курулбады. Коңшулаш өлкөлөр – мейли малайлыктан кутулушпаса да – өздөрү үчүн бир саясий чөйрөнү Союздан мурастап калышкан эле. Бирок, Кыргызстанда андай болбоду. Акаев бийлигинин акыркы кездеринде саясий чөйрө калыптангансыды. Бирок, ал чөйрөнүн көпчүлүк мүчөлөрү башкарууга жөндөмсүз, саясий жактан чабал адамдар болгондуктан, эзилген эл мындай жетекчилерге каршы көтөрүлдү. Россия элдик толкундоонун багытын колго алып, Акаев ордуна Бакиевди алып келип койду. Бакиев башында Акаев бийлигинен калган кадрлардан турган саясий чөйрө түзмөкчү болду жана мунусу ийгиликтүү ишке ашып баратты. Бирок кийин, өз үй-бүлө мүчөлөрү үстөмдүк кылган, Батышка ыктаган жаңы саясий чөйрө жаратмакчы болгондо, ийгиликсиздикке учурады. Калк мындай өзүмчүл жетекчилерге каршы көтөрүлдү. Россия мында да багытты колго алып, Батышка ыктаган Бакиевди кетирүү менен калкты тынчтандырды.
Бул төңкөрүштө АКШ Кыргызстанда бир кадам алдыга жылды. Анткени, ал мындай туруксуздуктардан өнүмдүү пайдалана алат. Ошентип, төңкөрүштөн кийин Кыргызстанда жаңы бир саясий чөйрө пайда болду. Бул чөйрөнүн көзгө көрүнүктүү мүчөлөрү: Текебаев, Отунбаева, Атамбаев, Сариевдер эле. Текебаев Америкага, Отунбаева жана Атамбаев Европага караштуу кадрлар эле. Ал эми Сариев анык кадр болбосо да, анын Россияга ыктоосу бар болчу.
Россия Кыргызстанды блокада кылуу менен, бул жаңы саясий чөйрөнү чөгөлөтүп, бутуна жыкты.
Бирок, бул чөйрө башкаруу формасын өзгөртүү менен, АКШнын Кыргызстанга сүңгүп киришине шарттарды жаратып берди. Мында Текебаевдин конституциясы зор роль ойноду.
Ушуга чейин Атамбаев Россияга кызмат кылып келди. Ошондуктан, Путиндин ага кинеси жок, колунан келсе бийликте кала берсин дейт. Учурдан пайдаланып, Атамбаев бийликти толугу менен жаңы саясий чөйрөгө өткөрүп алмакчы болууда. Ал чөйрөнүн көрүнүктүү мүчөлөрү: Алмазбек Атамбаев, Иса Өмүркулов, Чыныбай Турсунбеков, Сапар Исаков, Фарид Ниязов, Аалы Карашев, ага-ини Жээнбековдор болуп калышмакчы.
Бирок, буга мурунку саясий чөйрө мүчөлөрү катуу каршы чыгышты. Сариев Россия кадры катары президенттикке ат салышууга бел байлады. Ал эми, Отунбаева жана Текебаев – Батыш идеологиясын өзүндө калыптандырган демократ личносттор катары – буга идеологиялык негизде жана Батыштын саясий кызыкчылыктары алкагында каршы чыгышууда.
ТЕКЕБАЕВ, төңкөрүштөн кийинки саясий чөйрөнүн мүчөсү катары, бийликке батышпарас кызматкерлерди алып келе алды. Негизинен, бул парламенттик шайлоолор аркылуу болду. Бирок, ал кадрлар Кыргызстандын саясий чөйрөсүнө кире элек. Келе жаткан президенттик шайлоо аркылуу, батышпарас кадрларды саясий чөйрөгө көбүрөөк киргизүү көздөлгөн эле. Ошондуктан, Текебаев президент Атамбаев менен конфликтке барбастан, президенттик шайлоого жетип алууну каалап жаткан. Бирок Атамбаев командасы Текебаевди ага жеткирбей жыкмакчы болуп, президентти ага каршы коюшту. Президент алгачкы соккусунда катуу контрчабуулга учурап, бир аз чегинди. Текебаев “кайрадан келишүүнү” сунуштады. Бирок, команда президентти эрдемситип койду, ал “экс-досунун” сунушун – президенттик шайлоого өз кадры күчтүү атаандашсыз барышы үчүн –– кежирлик менен четке какты. Ушуну менен абал абдан курчуп кетти. Текебаев үчүн да өзүнүн президент болушу маанилүү эмес, ал үчүн маанилүүсү – Батышка ыктоочу кадрлар басымдуулук кылган жаңы саясий чөйрө түзүү.

Кыргызстан КООМЧУЛУГУНА келсек, эл позиция-оппозиция өкүлдөрүнүн дээрлик бардыгына карата ишенимдерин жоготкон. Ким кайсы державага малай, ким популисттик кылып жатат – булардын бардыгын эл жакшы билет. Болгону, көпчүлүк калк тигил саясатчы сөрөйлөр сунуштаган жолдон башка жолду көрө албай жатышат. Буга коомдун сак-саламат эмес, сыркоо коом болгондугу себеп болууда.
Эгер коомдогу пикирлер, туйгулар, мыйзамдар бир кыл болсо – бул коом саламат коом болот. Азыр Кыргызстанда демократиялык, исламий, социалисттик, улутчулдук, мекенчилдик сыяктуу пикирлер о.э. алардан келип чыккан туйгулар жайылып жүрөт. Мыйзамдар туруксуз, ал тургай, конституция тез-тез алмашып турат. Кабыл алынган мыйзамдар калк кызыкчылыгына кызмат кылбастан, бир ууч бийлер жана байлардын гана пайдасына иштегендиктен, аларга карата коомчулукта нааразылык күч. Ушулардан улам, Кыргызстандагы коомчулук – сыркоо коом болуп саналат.
ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯ демократиялык пикирлерге сугарылгандыгы себептүү, сыркоо коомду оңдоо үчүн демократиялык идеологияны сунуш кылып жатат. Бийлик жана оппозиция өкүлдөрү мына ушулардын катарына кирет. Негизи, Кыргызстанда демократиялык түзүм колдонулуп жатат. Ал колдонулганы себебтүү, Кыргызстанда союздан калган элдин байлыгын бир ууч адамдар ээлеп алышты, кийин алар бийликке келип, элди эзип, элдин эсебинен жашай башташты. Демократия себебтүү Батыш “канализациясынан” ачкөздүк, өзүмчүлдүк, сойкулук сыяктуу ыфлас көрүнүштөр дарыядай агылып келди. “Демократия чындап колдонулса, Батыш өлкөлөрүндөгүдөй мол-көл жашоо болот” деген пикир – бул куру кыялдар азгырыгынан башка нерсе эмес. Анткени, Батыш мамлекеттери демократия себебтүү эмес, колонизаторлук-империализм себебтүү байышкан. Алар бизге окшогон үчүнчү дүйнө мамлекеттеринин эсебинен байышкан. Ошондо да, алардын өздөрүндөгү байлыктын 90%ына 10% капиталисттер ээлик кылышып, калган калк андан жыргап пайдалануудан куру калышкан. Ошондуктан, демократияны алга сүрүп жаткан интеллигенттер, алардын арасындагы позиция-оппозиция мүчөлөрү, бул пикирлерин кайрадан карап чыгуулары керек. О.э. коомдо исламий аң-сезимдүү мусулмандар тарабынан Ислам түзүмү сунушталып жатат, бул интеллигенция өкүлдөрү аны жакшылап изилдеп көрүүлөрү зарыл.
Ал эми, патриотизм, улутчулдук сыяктуу идеяларга келсек, алар анык эмес, күңүрт идеялар болуп саналат. Алардын анык эместиги ушунда, ал идеялар башкаруу, экономика, жаза-чара жана башка ушул сыяктуу турмуш түзүмдөрүн камсыздай албайт. Эгер ошол “улутчул” же “патриоттор” бийликке келсе, жогорудагы түзүмдөрдү камсыздоодо кайра эле баягы демократиялык системаны колдонушат. Ошондуктан, аларды демократияны алга сүргөндөрдүн бир тобу деп караш керек. Болгону, алар демократияны түшүнүү менен кабыл алышпаган же жогорудагы куру ураандарды бийликке жетүүнүн жолу кылып алышкан.
Исламий чөйрө. Аллахка мактоолор болсун, Аллахтын каалоосу менен, Кыргызстанда исламий көрүнүштөр тездик менен кеңири кулач жайып барууда. Мында ар бир даъватчы мусулмандын, ар бир исламий жамааттын зор мээнети жана салымы бар. Аллахка шүгүрлөр болсун, мунун натыйжасында, өлкөдө исламий чөйрө пайда болуп, ал өркүндөө жолунда бара жатат. Бирок, ушул эле учурда, азыркы түзүлгөн кырдаалда, демократ саясатчылардын бийликке жетишүүдөгү иш-аракеттери бул исламий чөйрөнүн бузулушуна алып баруу коркунучу бар. Мисалы, бийлик муфтиятты өз кызыкчылыгы үчүн ишке салса, же оппозиция кайсы бир аалымдын авторитетин өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланса, бул исламий чөйрө бүлгүнгө учурайт. Ал тургай, исламий чөйрө өкүлдөрү бири-бири менен – башка бирөөлөрдүн дүйнөсү үчүн(!) – күрөшө турган болуп калат. Ошондуктан, учурдагы кырдаалда, ар бир мусулман ыйманий чөйрөнү, мусулмандар жамааты болсо исламий чөйрөнү таза сактап калуусу зарыл. Ар бир мусулман ар бир ишин акыйдасынан келип чыккан шаръий өкүмгө негизделип аткаруу менен – ыйманий чөйрөсүн сактап калат. Мусулмандар жамааты коомдук жана мамлекеттик иштерге шариятка ылайык катышуусу менен – исламий чөйрө сакталып калат.
Оо КАЛАЙЫК – КАЛК, Кыргызстанда түзүлгөн кыйын кырдаалга эң оболу акыйдаңардан туруп карагыла. Бул учурда эмне иш кылсаңар сооп табасыңар да, эмнени кылсаңар күнөөкөр болосуңар – ушуну аныктап алгыла жана ошого жараша аракет кылгыла. Бул орунда жеке адамга, жамаатка, мамлекетке тиешелүү иштер бар, аны тактап алуу керек. Мисалы, бирөө арак ичип жатса, бир мусулман анын бөтөлкөсүн алып ыргытып жиберсе – мункарды колу менен кайтарган болот, эгер эскертүү менен чектелсе – тили менен кайтарган болот. Эгер мусулмандар жамааты мамлекетти арак өндүрүүдөн тыйыш үчүн жыйындар өткөрсө, жүрүштөр жасаса – мункарды “кол менен” (б.а. иш-аракет менен) кайтарган болот, эгер маалымат каражаттарында таркатуу менен чектелсе – “тил менен” кайтарган болот. Ушул сыяктуу, байлыктарыңар тонолуп жатса, акы-укуктарыңар тебеленип жатса, перзенттериңер жазыксыз камалып жатса – аларды коргоп алууңарда силер үчун сооп бар. Ал эми, бийликтин харам иштерин кубаттап, же оппозициянын шаръий болбогон аракеттерин колдоп чыгууңарда сооп жок, балким, күнөө гана бар.
Андан соң бул жагдайга карата эл аралык деңгээлден туруп карагыла. АКШ-Россия күрөштөрүнүн курмандыктары болуп калбагыла.
Мына ушул эки ишти кылсаңар, силер исламий аң-сезимге негизделип аракет кылган болосуңар.
Бул аркылуу коомдо исламий пикирлер, туйгулар, мыйзамдар орношуна салым кошуп, акыбетте сак-саламат, туура жолдогу исламий коом кура аласыңар. Бул нерсе силерди эки дүйнө бактысына жеткирет, инша Аллах
Эскертүү: Жогоруда аты аталган шахстардын жеке өздөрүнө карата эч кандай каршылаштык жок, балким, алардын көтөрүп жүргөн пикирлерине, сунуштап жаткан жолдоруна жана шариятка тескери аракеттерине каршыбыз. Алар да уммат перзенттери, ошондуктан, аларга да насихат кылып жатабыз.
Устаз Фатих

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here