Кырсыкта курман болгондордун Исламдагы чечими
16-январда Манас аэропотуна жакын жайгашкан Дача-Суу айылында кырсык болуп, бир нече адам каза болду. Мархумдардын жакындары жана ал жердеги калк зыян тартты. Бирок буга карата демократия кандай чара көрүшү керектиги тууралуу б.а. өкмөт эмне иштерди кылып жаткандыгы тууралуу маалыматтар жетиштүү болууда. Бирок, ага карата Исламдын чечимин муфтият же башкалар баяндап беришпеди. Ошондуктан, мындай абалга карата Ислам чечимин кыскача жеткирүүгө аракет кыламын:
Ката кетирип, билбестен өлтүрүп койгондо, мархумдун мураскорлору өлтүргөн адамдын туугандарынан дия (кун) алууга акылуу болушат. Имам Бухарий Абу Хурайрадан төмөнкүнү риваят кылган:
«اِقْتَتَلَتْ اِمْرَأَتَانِ مِنْ هُذَيْلَ فَرَمَتْ إِحْدَاهُمَا الْأُخْرَى بِحَجَرٍ فَقَتَلَتْهَا وَمَا فِى بَطْنِهَا فَاخْتَصَمُوا إِلَى النَّبِىَّ r فَقَضَى أَنَّ دِيَةً جَنِينَهَا غُرَّةٌ عَبْدٌ أَوْ وَلِيدَةٌ، وَقَضَى أَنَّ دِيَةَ الْمَرْأَةِ عَلَى عَاقِلَتِهَا»
«Хузайл уруусунан эки аял уруша кетип, бири таш менен уруп экинчисин жана ичтеги баласын өлтүрүп койду. Расулуллах (с.а.в)га бул окуяны алып келишкенде, ал зат ичтеги баланын диясын бир кул деп өкүм чыгарды, аялдын диясын төлөөнү болсо акыласына (туугандарына) жүктөгөн өкүм чыгарып берди».
Акыла деп – аклды төлөөчүлөр айтылат. «Акл» деп бул жерде дия төлөмү айтылып жатат. “Акыла” деп ата тараптан болгон бардык туугандар айтылып, буга өлтүргөн адамдын атасы, уулдары, ага-инилери, абалары жана абаларынын уулдары кирет. Ошондуктан, айыптуу тарап аныкталып, ага дия төлөө милдеттендирилиши жана мамлекет андан өндүрүп бериши керек. Эгерде өлтүргөн тараптын акыласы болбосо, дия байтулмалдан алынат, себеби Расулуллах (с.а.в) Хайбарда адам өлтүрүп койгон ансорий үчүн байтулмалдан төлөгөн. Умардын доорунда бир киши тыгылышта калып, ким өлтүргөндүгү табылбады. Ошондо, Али р.а. Умарга: Эй амирул-муминин, мусулман кишинин каны бекер кылынбайт, анын кунун байтулмалдан төлөгүн, – деген.
أَخْبَرَنَا مُحَمَّدُ بْنُ مَعْمَرٍ قَالَ حَدَّثَنَا رَوْحُ بْنُ عُبَادَةَ قَالَ حَدَّثَنَا عُبَيْدُ اللَّهِ بْنُ الْأَخْنَسِ عَنْ عَمْرِو بْنِ شُعَيْبٍ عَنْ أَبِيهِ عَنْ جَدِّهِ ” أَنَّ ابْنَ مُحَيِّصَةَ الْأَصْغَرَ أَصْبَحَ قَتِيلًا عَلَى أَبْوَابِ خَيْبَرَ فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَقِمْ شَاهِدَيْنِ عَلَى مَنْ قَتَلَهُ أَدْفَعْهُ إِلَيْكُمْ بِرُمَّتِهِ قَالَ يَا رَسُولَ اللَّهِ وَمِنْ أَيْنَ أُصِيبُ شَاهِدَيْنِ وَإِنَّمَا أَصْبَحَ قَتِيلًا عَلَى أَبْوَابِهِمْ قَالَ فَتَحْلِفُ خَمْسِينَ قَسَامَةً قَالَ يَا رَسُولَ اللَّهِ وَكَيْفَ أَحْلِفُ عَلَى مَا لَا أَعْلَمُ فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَنَسْتَحْلِفُ مِنْهُمْ خَمْسِينَ قَسَامَةً فَقَالَ يَا رَسُولَ اللَّهِ كَيْفَ نَسْتَحْلِفُهُمْ وَهُمْ الْيَهُودُ فَقَسَمَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ دِيَتَهُ عَلَيْهِمْ وَأَعَانَهُمْ بِنِصْفِهَا “. (النسائي)
“Мухаййасанын кичүү уулу Хайбар уруусуна кире бериште өлүк абалда табылды. Анан Расулуллах (с.а.в): Аны ким өлтүргөндүгүнө эки күбө тапкыла, ошондо өлтүргөн адамды силерге тапшырамын (т.а. эмне кылсаӊар ыхтыярыӊарда, кааласаӊар өлтүрөсүӊөр, кааласаӊар дия аласыӊар же кечирип жибересиңер”, – деди. Я Расулуллах, кантип күбө табамын, ал таӊ эрте алардын уруусуна кире бериште өлүк абалда жаткан эле?- деди. “Анда элүү жолу касам ичесиң”. “Я Расулуллах, билбеген нерсеме кантип касам ичемин?” – деди. “Анда алардан элүү жолу касам ичишин талап кылабыз”, – деди. “Я Расулуллах, алардан кантип талап кылабыз, алар яхудийлер болсо (т.а. ыймансыз болсо)?” – деди. Анан Расулуллах (с.а.в) диясын аларга бөлүштүрүп төлөттү жана жарымына өзү жардам берди”. Насаий риваяты.
Насаий Расулуллах (с.а.в)дын Яман калкына кат жазып, аны Амр ибн Хазмдан жөнөткөндүгүн, анда:
«وَإِنَّ فِى النَّفْسِ الدِّيَةُ مَائِةٌ مِنَ الْإِبِلِ»
«Нафс үчүн жүз төө дия төлөнөт», – деген жери болгондугун риваят кылган.
Дияны (атайылап эмес, кокустан өлтүргөн адам өлгөн кишинин жакындарына төлөй турган төлөмдү) фарз кылганда, Ислам дияда алтын жана күмүш бериле турган кылды жана дия үчүн алтындан белгилүү бир өлчөм – 1000 динар (бир динар 4.25г = 4,25 кг алтын) жана күмүштөн белгилүү бир өлчөм – 12000 дирхам (бир дирхам 2,975г = 35,7 кг күмүш) кылып дайындады. Ибн Аббастан риваят кылынды: «Бану Адий уруусунан бир киши өлтүрүлдү. Набий (с.а.в) анын диясын 12000 дирхам деп белгиледи». Абу Бакр ибн Мухаммад ибн Амр ибн Хазм атасынан, атасы болсо чоӊ атасынан риваят кылат: «Расулуллах(с.а.в) Яман калкына кат жазды. Катта төмөнкүдөй сөздөр бар эле: «Момун нафста 100 төө дия бар, алтыны барларга 1000 динар». Бул хадисти Насаий риваят кылган.
АКШ 1971-жылы алтынды мамиледен чыгарып жиберип, анын ордуна долларды киргизгени себептүү, бүгүн бул дия төлөмү ар бир жан үчүн алардын жакындарына болжол менен 200 000 $ дан төлөнүшү керек. Эгерде кош бойлуу аял болсо, ичтеги баласы үчүн өзүнчө жана өзү үчүн башка кылып, эки эсе берилиши керек. Мындан тышкары, үй-жайы же андагы буюмдары, мал-жандыктарына жарактан чыгарылган болсо, алар да төлөп берилиши керек.
Бул акча көп эле болушуна карабастан, бирок ал жабырланган адамдарга жоготкон жакындарын кайтарып бере албайт о.э. алардын ордун баса албайт. Лекин аргасыздыктан, аз болсо да жубатуу үчүн Аллах Таала бизге рахмат кылып жиберген өкүмдөрдө – нав гарыйзасы жаатында жараланган дилдерди бако гарыйзасын кандыруу менен – жубатууну өкүм кылган. Себеби, Мээримдүү жана Ырайымдуу Жаратуучубуз адамдын дилиндегини жакшы билүүчү.
عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عَمْرٍو:” أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ لَزَوَالُ الدُّنْيَا أَهْوَنُ عَلَى اللَّهِ مِنْ قَتْلِ رَجُلٍ مُسْلِمٍ ” (الترمذي)
Абдуллах ибн Умар(р.а) риваят кылат, Расулуллах(с.а.в): “Аллах Таалага – дүйнөнүн жок болуп кетиши – бир мусулмандын өлүмүнөн жеӊилирээк”, – деди. Термизий риваяты.
Муттакий