Түркия менен Россиянын ортосундагы дипломатиялык көпүрө Вашингтондо курулду

330
0

Түркия менен Россиянын ортосундагы дипломатиялык көпүрө Вашингтондо курулду

Түркия бийлиги Россия менен жарашуу үчүн чөйрө жараткандыгын жана ийгиликтүү дипломатиялык алакаларды орноткондугун о.э. Сирия маселесине туура чечим таба албай жаткандыгын билдирүүдө. А бирок биз жакшы билгендей, Россиянын Сирияда өзүнө таандык план жана стратегиясы жок. Россия Сирияда АКШнын саясий чечимдерин ишке ашыруу үчүн аракет кылууда. Ал Сирияда Американын уруксатысыз бир кадам да баса албайт.

АКШ бүгүнкү күнгө чейин Сирия маселесинде бир нече пландарды түздү. Кээде Түркия менен, кээде Саудия жана Катар менен, кээде болсо, Иран менен кызматташты. Сирия маселеси боюнча Россия менен карама-каршы тургандай болуп көрүндү. Дүйнөдөгү бардык проблемаларга “чечим” таап келген БУУ азыркыга чейин Сирия үчүн бирер каралаган же санкцияларга тиешелүү токтом кабыл албады. Бечара Америка эмне кылсын, Россия жана Кытай БУУнун Коопсуздук Кеңешинин токтомдоруна вето коюп жаткан болсо… Түпкүлүгүндө, АКШ дал ушундай болушун каалайт. БУУ Сирияда Башар Асаддын өмүрүн узартуу үчүн Америка тарабынан эл аралык майданда ишке салынып жаткан мыйзамдуу үгүт каражаты болуп эсептелет.

Сирия маселесинде эч кандай чечим таба албаган АКШ, айрыкча 2016-жылдын апрель айынын соӊунда дагы бир жолу артка чегингендей болуп көрүнүп, ортодо Россия жана Түркиядан таасирдүү актёрлорду жасай баштады. Бул жаӊы жараянда Россия менен Түркия АКШнын көрсөтмөсү боюнча жана көзөмөлү астында эки тараптуу сүйлөшүү столун пайда кылгандыгына күбө болуп жатабыз. 2016-жылдын апрель айы эмне үчүн мынчалык маанилүү? Себеби, ал күндөр президент Обама менен Эрдоган АКШда жолугушкан күндөр болуп эсептелет. Ал күндөр, Түркия саясатында фундаменталдык өзгөрүш доору болуп эсептелет. Израиль менен келишим, Мисир жана Россия менен жакындашуу, ал тургай, Сирия менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрүү ишаралары 2016-жылдын апрель айынан кийин Түркия тарабынан ишке ашырыла баштады.

Махмуд Кар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here